Бүгүн 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык салтанат өтүп жатат. Ал жерге миңдеген адам чогулду.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2022/08/photo1661922972.jpeg)
Кыргызстандыктардын алдында президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзү менен чыкты. Салтанаттуу иш чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, дипломаттар жана башка саясатчылар келди.
Жайлоодо Кыргызстандын 31-туусун орнотуу аземи болду, андан соң эл артисттеринин катышуусунда концерт башталды.
31-августта Кыргызстанда Эгемендик күнү майрамдалат. 1991-жылдын дал ушул күнү Кыргыз ССРнин Жогорку кеңеши Кыргыз Республикасынын эгемендигин жарыялаган.