Кыргызстандык окуучуларга сабак учурунда уюлдук телефон колдонууга тыюу салынат

Билим берүү министрлиги кыргызстандык окуучуларга сабак учурунда уюлдук телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады. Тийиштүү буйрук 30-августта бекитилди.

Министрликтин маалыматына ылайык, уюлдук телефонду окуу предмети боюнча маалымат издөөдө, окуу процессинде онлайн тесттерди түзүүдө жана колдонууда, окуу видеолорун көрүүдө же аудио жазууларды угууда колдонууга уруксат берилген.

Ошондой эле мектеп окуучуларына электрондук күндөлүк, информатика кабинеттерин жана smart-класстарды колдонууда мобилдик байланышты колдонсо болот.

Депутат Тазабек Икрамов окуучуларга мектепте жүргөн учурда уюлдук телефон колдонууга тыюу салууну 2022-жылдын март айында сунуштаган. Анда ал ар бир класста кутучалар болушун, окуучулар телефондорун ошого салып турушун сунуштаган.

«Балдар телефон менен болуп бири-бири менен сүйлөшпөй же достошпой калышты. Андан сырткары, телефон бир топ зыянын (ден соолугуна — ред.) тийгизет. Ошондуктан биз сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салууну сунуштайбыз. Ар кандай роликтерди, мугалимдерди мазактап видеого тартып алып коомчулукка жаман көргөзүп жатышат. Мектепте ар дайым тартип болушу керек. "Сабак учурунда телефон колдонууга болбойт" деген пунктуну мыйзамга киргизип, Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлгө алышы зарыл», — деген Икрамов.

Сузакта окуучу кыздын сабалышы

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 23-майында Сузак районунда окуучу кыздын сабалышы тууралуу белгилүү болгон. Окуядан кийин милиция жана Билим берүү жана илим министрлиги териштирүү баштаган.

Буга байланыштуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев менен минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ойлорун айтышкан. Бейшеналиев мугалимдин аракети туура эмес болгонун, бирок бул окуяда балдардын тарбиясында дагы маселе бар деп айткан. Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов болсо мугалим менен окуучунун ортосундагы чатакты баланы мектептен чыгаруу аркылуу чечсе болорун билдирген.

Мугалим өзү окуучу сабак башталганда телефонго алаксыгандан кийин, кайым айтышуу болгондон соң кол көтөргөнүн айткан. Ошол эле кезде мугалим туура эмес кылганын мойнуна алган.

Тема боюнча: Депутат Раимбачаева: Сузакта сабалган окуучу кызга мугалимдер менен окуучулар басым кылып жатышат