Депутат Раимбачаева: Сузакта сабалган окуучу кызга мугалимдер менен окуучулар басым кылып жатышат

Сузакта сабалган окуучу кызга окуучулар жана мугалимдер тараптан психологиялык басым болуп жатат. Бул тууралуу парламенттин 1-июндагы жыйында депутат Винера Раимбачаева билдирди.

«Окуучуга психологиялык басым болуп жатат. Бизге ушундай маалымат келди. Окуучу азыркы тапта ооруканада жатат. Ата-энеси оорукчан. Бирок мугалимдер жана райондук администрация тарабынан ушундай басымдар болуп жатат. Биз мугалимдин да, окуучунун да укугун тебелебешибиз керек. Адилеттүү карап чыксак», — деди Раимбачаева.

Сузакта окуучу кыздын сабалышы

Сузак районунда окуучу кыздын сабалышы 23-майда болгон. Окуянын видеосу соцтармактарга чыгып кеткен. Окуядан кийин милиция жана Билим берүү жана илим министрлиги териштирүү баштаган.

Жалал-Абад ОИИБнен окуя маалыматтарды катоо журналына киргизилгенин айтып беришкен.

Буга байланыштуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев менен минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ойлорун айтышкан. Бейшеналиев мугалимдин аракети туура эмес болгонун, бирок бул окуяда балдардын тарбиясында дагы маселе бар деп айткан. Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов болсо мугалим менен окуучунун ортосундагы чатакты баланы мектептен чыгаруу аркылуу чечсе болорун билдирген.

Мугалим өзү окуучу сабак башталганда телефонго алаксыгандан кийин, кайым айтышуу болгондон соң кол көтөргөнүн айткан. Ошол эле кезде мугалим туура эмес кылганын мойнуна алган.

Аны менен катар жумуштан өз эрки менен кеткенин да кошумчалаган. Бирок кийинчерээк мугалим жумушунда иштей турганы белгилүү болгон — райондук билим берүү бөлүмү мугалимдин жумуштан кетүү тууралуу арызын канааттандырган эмес.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов педагогго түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөнүн билдирген.

Ошол эле учурда, буга чейин Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн мугалим «күч колдонуп жана (же) психикалык зомбулук көрсөтүшүнө байланышкан тарбиялоо усулдарын, анын ичинде бир жолу пайдаланганда» беренесинин негизинде жумуштан алынганын билдирген.

Жабырлануучунун апасы кызы сабалган күндүн эртеси мууну калчылдап, бир нече жолу кускандан кийин ооруканага жеткирилгенин айтып берген. Ал эми сабалган окуучу мугалим аны өзүн коргогону үчүн сабап салганын билдирген. Анын айтымында, мугалим аны «сволочь» деп атап, үй-бүлөсүнө сөз тийгизген.Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын билдиришинче, кызда жабык баш-сөөк жаракаты, баш мээнин чайкалуусу, баштын чачтуу бөлүгүндөгү жумшак ткандардын жабыркашы жана билегинде жана оң жак тизесинде кан уюган көгала тактар аныкталган. Акыйкатчы мугалимди жоопко тартууну талап кылууда.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 30-майда кызда жабык баш-сөөк жаракаты, баш мээнин чайкалуусу, баштын чачтуу бөлүгүндөгү жумшак ткандардын жабыркашы жана билегинде жана оң жак тизесинде кан уюган көгала тактар аныкталганын билдирген

Ошондой эле Абдрахматова окуучу кыздын педагог тарабынан сабалышы Конституцияны, Балдар жөнүндөгү кодексти, «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамды, «Адамдын бедели жөнүндөгү» жана БУУнун балдар укуктары боюнча Конвенциясын бузат деп белгилеген.

1-июнда Бишкекте балдардын укугун коргоого арналган тынчтык митинги өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдына чогулган активисттер Сузак районунда окуучу кызды сабаган мугалимди коргогон билим берүү министрин, милицияны жана депутаттарды сындап чыгышты.

«Биз мугалимдерди сыйлайбыз, бирок бул окуя мугалимдин укугун коргой турчу окуя эмес. Себеби, анын билим денгээли, педагогикалык этикасы мугалим деген атка туура келбейт. [...] Педагогикалык билими жок, бир айлык курсту бүтүргөн адамды ким мугалим кылып жумушка алган? Биздин өлкөдө билими жок канча адам балдарыбызга билим берип жатат?» — деп суроо салышкан алар.