Эдил Байсалов: Окуучу мугалим менен кайым айтышпашы керек

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мугалим менен айтышкан окуучуларды мектептен чыгарып салып, көйгөйдү чечсе болот деп эсептейт. Мындай пикирин ал «Кактус» басылмасына Сузактагы окуучу кыздын сабалышы боюнча комментарий берип жатканда айтты.

«Бул албетте [мектептен чыгаруу] аргасыз чара. Бирок окуучулар мугалимдер менен кайым айтышпашы керек. Бул темирдей эреже. Мугалим кимдир бирөө үчүн далилдеп актанбашы керек. Мектепте мугалимдин кадыр-баркы жогору болушу керек. Анын кадыр-баркы күмөн жаратышына жол бербейбиз», — деп билдирди Байсалов.

Байсалов мугалим окуучуга кол көтөргөн кандай окуя болбосун сынга аларын айтат. Бирок ал Сузактагы окуяны «педогогикалык өзгөчө абал» деп атады.

«Мугалим да [зомбулукка] жол берилбеши керектигин дайыма түшүнүшү керек. Мугалим өзү кечирим сурады, мүмкүн эмес нерсени кылганын түшүндү», — деди ал.

Байсалов сабак учурунда ушундай жаңжал чыкса «мугалимди коргоп, аны сабактан алагды кылбоо керек» деп билдирди. Анын пикиринде «мугалимдин кадыр-баркы талашсыз болушуга тийиш».

«Эгер мугалим окуучуну башкара албаганын, агрессивдүү экенин жана анын кадыр-баркына шек келтирип жатканын көрсө — бул мугалимдин көйгөйү болбошу керек. Мугалим ошол замат баланы коридорго алып чыгып директорду чакырыш керек. Ал окуучуну өзүнө келтирем деп жекелик маселеге өтүп же кол көтөрбөшү керек. Бул ата-энелер менен мектеп жетекчилигинин маселеси», — деп эсептейт Байсалов.

Байсаловдун айтымында, андан ары окуучу менен болгон маселени мектеп жетекчилиги чечиши керек. Анын пикиринде, алар баланын ата-энесин же камкорчусун чакырып чараларды көрүшү зарыл же баланы мектептен чыгарууга чейин барышы керек.

Сузактагы окуучунун сабалышы

25-майда Сузактагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте 7-класстын окуучусу мугалим тарабынан сабалганы белгилүү болгон. Фейсбукта мугалим менен окуучу кыз айтыша кетип, андан соң окутуучу кызды сабаганы боюнча видеолор тараган.

Аталган факты боюнча атайын комиссия түзүлүп, Жалал-Абад ОИИБи териштирүүнү баштаган. Окуучу кыз ооруканага жаткырылган.

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев «кандай учур болбосун мугалим окуучуга кол көтөрбөшү керек болчу» деп билдирген. Ал эми акыйкатчы Атыр Абдрахматова мугалим жана мектеп директору «жоопко тартылышы керек» деп айткан.

Кийинчерээк окуя боюнча окуучу кыз, анын апасы жана мугалим комментарий берген. Мугалимдин кызы жана окуучу бир класста окуганы маалым болгон.

Окуучу «мугалимдин кызы мага сөгүндү», «ага жооп кайтарганда мугалим мени урушту» деп билдирген. Мугалим окуучусу менен ушундан улам айтыша кеткенин моюндап, «тарбияга чакырдым» деп айткан.

Ал эми жабырлануучу кыздын апасы мугалимдин үстүнөн арыз жазбаганын, бирок бул аракетине нааразы болгонун белгилеген.

27-майда окуучуну сабаган мугалим дарылануудан кийин жумушун улантаары белгилүү болду. Анын жумуштан кетүү тууралуу арызы канааттандырылган жок.

Тема боюнча окуңуз: Сузак: Окуучуну сабаган мугалим дарылануудан кийин жумушун улантат