Сузак: Мектепте сабалган окуучу кыз, апасы жана мугалим окуя боюнча үн катышты

Окуучунун апасы жана мугалим. Сүрөттөр «Регион» телеканалынын видеолорунан скриншот жасалды.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте мугалим тарабынан сабалган кыз, апасы жана мугалим окуя тууралуу айтып беришти. Окуучу кыз өзүн начар сезип ооруканага жаткырылды, ал эми мугалим иштен алынды.

Окуучу кыз 26-майда ооруканадан журналисттерге интервью берди. Анын айтымында, окуя болгон күнү мугалим алгач башка окуучу менен айтыша кеткен.

Ошол учурда классташы ага тийишип, карандашын тартып алган. Ал баланын артынан барып, буюмун алып кайтып келе жатканда «мугалимдин кызы мага сөгүндү», «ага жооп кайтарганда мугалим мени урушту» дейт.

«Мугалим “эмне кылып жүрөсүң сволочь” деп үй-бүлөмө асылды. “Менин үй-бүлөмө асылбаңыз, оозуңузга карап сүлөңүз” деп кыйкырыша кеттик. Анан отурсам эле дароо келип артымдан кууп жүрүп уруп баштады. Ошол боюнча үйгө келип апама эч нерсе айткан жокмун», — деп айтып берген окуучу кыз.

Анын айтымында, мугалимдин аракетин тартып алган классташына учурда кысым болуп жатат. Мындан сырткары, ал окууга барганда мугалим андан «менин да күнөөм бар деп айтуусун суранганын» кошумчалады.

«Өзүмдү кармай албай барып кызды уруп салдым»

Окуучуну сабаган мугалим Мээримгүл Эргешбаева окуя боюнча «Регион» телеканалына түшүндүрмө берди. Ал ошол күнү сабак башталганда башка окуучулар телефонго алаксып, тартипти бузган дейт.

Мугалим окуучуларга эскертүү берип сабакты улантып жатканда өзүнүн кызы менен сабалган окуучу уруша кеткенин айтат. Мугалим окуучусу менен ушундан улам айтыша кеткенин моюндап, «тарбияга чакырдым» дейт.

«Ал кыздын үнү катуурак чыккан үчүн мен аны байкап [кызыма] “Хадича силерге эмне болду? Азыр эле Асеманы [башка окуучу] баспадык беле? Сага эмне болду” десем мага жооп бере баштады. “Кызыңыз мага тийишип жатат, кой деңиз” деп токтобой толтура сөздөр айтылып кетти. Кыйлага чейин айтыштык [...] Өзүмдү кармай албай барып кызды уруп салдым», — деди ал.

Мугалим бул кылганы туура эмес экенин мойнуна алып, ошол эле күнү кыздын ата-энесинен кечирим сураганын айтты.

Ошол эле учурда мугалим класстагы кыздар «кызымды буга чейин да кысымга алып жүрүшкөн» дейт.

«Мен кызыма болушкан жокмун [...] “Мугалимдин кызы болсоң эле кыйынсына бересиңби, мындай жүр, андай жүр” деп менин кызыма көп асылышкан экен. Анда да мен тарбиялык мааниде эскерткеним. Мени көрүп жаткан бүт Кыргызстан элинен кечирим сурайм. Чындыгында ачууга алдырып кызды сабап салганым туура эмес болду», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Билим берүү министрлигинен 26-майда мугалим өз арызынын негизинде жумуштан кеткенин айтса, райондук билим берүү башкармалыгынан Эргешбаева окуучуну сабаганы үчүн иштен бошотулганын билдиришти.

«Мени чакырса болбойт беле?»

Жабырлануучу кыздын апасы Шайргүл Курсанованын айтымында, окуучу ошол күнү мектептен бети кызарып, бир сөйкөсү сынып келген. Бирок ага «көңүл бурган эмесмин» дейт. Ал эми кызынын сабалганын кийинчерээк кошунасынан уккан.

«Класс жетекчисине чалсам, “мен уктум, ошол мугалим үйүңүзгө барат” деди. Шамга жакын үйгө келди. Ал “эже башка кыздар менин ачуума тийип коюшту эле, эмоцияга алдырып койдум” деп айтты. “Кызыңызга бир эле шапалак салып койдум, кечирип коюңуз” деди. Анан мен "мейли" дедим. Ошол боюнча үйүнө кеткен», — дейт ал.

Эртеси күнү аялга WhatsApp'тан кызынын сабалганы тартылган видео келген. Мындан улам аял кайрадан мектеп директоруна барып түшүндүрмө талап кылган.

Ал мектепте дүрбөлөң болуп, ата-энелердин жыйыны өткөнүн, мугалим кечирим сураганда кечиргенин айтты. Ошондой эле Сузак РИИБге барып доо-арызы жок экенин жазып бергенин, кайтып келе жатканда кызы өзүн жоготуп койгондуктан ооруканага жаткырганын белгиледи.

«Мен бир эле шапалак урду деп ойлоптурмун, кызым да айткан жок [...] Беш баласы бар экен, аны каматып жиберейин деген оюм жок. Бирок бул кылганы туура эмес. Кызымда күнөө болсо мени чакырбайт беле? Мен деле жөнгө салып коймокмун [...] Эми анчалык эмес да», — деп нааразы болду эне.

Курсанова видео соцтармактарга тарагандан аны жарым-жартылай эле көргөнүн айтып, аягына чейин көрүүгө жүрөгү даабаганын белгиледи.

Бул окуя интернетке тараган соң коомчулукта ача пикир жаралды. Айрымдар мугалимди жазага тартууну талап кылса, айыпты окуучу кызга оодаргандар да болду.

Аталган факты боюнча атайын комиссия түзүлүп, Жалал-Абад ОИИБи териштирүүнү баштаган. Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев «кандай учур болбосун мугалим окуучуга кол көтөрбөшү керек болчу» деп билдирген. Ал эми акыйкатчы Атыр Абдрахматова мугалим жана мектеп директору «жоопко тартылышы керек» деп жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү башталды