Президент Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгарды

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге эң жогорку даражадагы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка Ташиевдин жакын досу, президент Садыр Жапаров кол койду. Ошондой эле Ташиевге «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылды.

Президенттик администрациядан Ташиевге бул наам «мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн» берилгенин белгилешти.