Кыргызстанда мектептерге байланышкан маселе курч бойдон калууда. Биринчиден, окуучулардын саны абдан көп — бир партада үчтөн отурган учурлар кездешет. Экинчиден, пайдалануудагы мектеп имараттары көбүнесе авариялык абалда. Натыйжада ал жерде окуган балдарга быйыл май айында Чаткалдагы мектептегидей болуп сабак учурунда шыбы урап түшпөйт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Өлкө бийлиги, албетте, бул маселелерден кабары бар. Мындан үч жыл мурда, 2019-жылы, өкмөттүк жумушчу топ өлкөдөгү авариялык мектептердин санын эсептеп чыккан — 245. Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, аларды сүрдүрүп салуу керек, себеби окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, ал эми ордуна — жаңы имараттар курулууга тийиш.
Эгер президент Садыр Жапаровдун айткандарына ишенсек, жаңы мектеп имараттарынын жетишсиздигине байланыштуу маселе активдүү чечилип жатат. Апрелдин аягында президент бир жарым жылдан бир аз ашык убакыт аралыгында — 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын апрелине чейин — өлкөдө 68 мектептин курулушу аяктаганын, алардын баары республикалык бюджеттин эсебинен курулганын билдирген.
Өлкө башчысы мындай билдирүү менен президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна байланыштуу сын-пикирлерге жооп берген.
«Клооп» жана «Дата мектеп» Жапаровдун айткандарын текшерип көрүүнү чечкен — президент аталган аралыкта курулган мектептердин санын жымсалдап айтканда көбөйтүп койгон.
Мектеп мектеп болбой калганда
Мамлекеттик курулуш агенттиги «Клооптун» сурамына берген жообунда, Жапаров айткан убакыт аралыгында курулган 68 мектептин тизмесин берди. Анын баары өлкө боюнча жайгашкан — республиканын ар бир облусунда эң аз дегенде төрт объект.
Бирок, Мамкурулуш берген тизмедеги 18 объект — жаңы мектеп имараттары эмес. Алардын 10у — бул пайдалануудагы мектептерге жанаша курулган кошумча корпустар, жетөө — иштеп эле аткан окуу жайлардагы жаңы спортзалдар. «Жаңы мектептердин» тизмесине бир откана дагы кирип калган.
Биз курулган 50 мектепти салууга тендер өткөн-өтпөгөнүн дагы текшерип көрдүк. Бул маалыматты биз Кыргызстандын жана башка бир нече өлкөнүн мамлекеттик сатып алуулар сайтынан маалымат түзүп, аларды талдоого мүмкүндүк берген BI Open Contracting онлайн сервисинин жардамы менен издедик.
Юристтердин кеңеши боюнча, биз курулуш иштеринин эле эмес, курулуш материалдары жана технологиялык жабдуулар сыяктуу товарлардын сатып алууларын дагы эсептедик. Андай сатып алуулар мектеп куруу циклинин бир бөлүгү болушу мүмкүн.
Жыйынтыгында, мектеп курууга байланыштуу тендерлердин жарымын табууга мүмкүн болгон жок.
Мындан тышкары, Жапаров белгилегендей 68 объекттин баары республикалык бюджеттин эсебинен курулган эмес. Алардын 12си Саудия өнүктүрүү фондунун акчасына, алтоо — коррупцияга каршы күрөштөн бирдиктүү депозиттик эсепке* түшүп турган каражаттын эсебинен курулган.
*2020-жылдын июнунда өкмөт атайын эсепти жойгон
Ошондой эле «Клооптун» кабарчысы тизмедеги мектептердин бир нечесине барып келип, «кагазда» курулду деген имараттардын айрымдары бүгүнкү күнгө чейин бүтпөгөнүн, эксплуатацияга да бериле электигин аныктады.
Тогуз жыл чатырынан суу өткөн мектепте
«Бул мектепти төрт-беш жолу ачууга аракет кылышкан. Аким, ал тургай губернатордун орун басары дагы келген, бирок бири да бүгүнкү күнгө чейин ача элек», — дейт Баткен облусундагы Сай айылынын тургуну «Жапаровдун тизмесиндеги» мектептердин бири тууралуу.
Аталган айылда үч миңге жакын адам жашайт. Ал эки дөбөнүн так ортосунда, Өзбекстандын Сох анклавына жакын жайгашкан. Ал жакка чек ара постторун өтүп өзбек аймагы аркылуу же болбосо Айдаркенди айланып өтүп гана барса болот.
Бул жердеги эски мектепте 350дөн ашык бала окуйт. Айрым окуучулар тоо арасындагы чөөлөрдөн корккондуктан мектепке чейин бир нече километр жол басып, айланып барышат.
Эски имараттын курулганына 40 жылдан ашкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал авариялык абалда деп табылган. Бир нече жыл мурда жакындагы айыл клубунун имаратында мектеп үчүн кошумча бөлмөлөр ачылган — ага чейин сайдык окуучулар үч нөөмөткө бөлүнүп окуп жүрүшкөн.
2019-жылы айылдыктар Maral FM радиосунун журналисттерине маек куруп, мектеп көйгөйүн айтып беришкен. Мугалимдердин бири кышкысын мектепте окуучулар үшүбөсүн деп буржуй мешине от жагышарын, ал эми имараттын полдору чирип жатканын айткан. Ал жергиликтүүлөр бийликке көйгөйүн айтып далай ирет кайрылганын, бирок алардын үнүн эч ким укпаганын кошумчалаган.
«Кышкысын чатырдан суу өтөт, — деп кейиди атын атабоону суранган айыл тургундарынын бири. — Бул жөнүндө мурда да айтканбыз, журналисттер дагы келип кетишкен. Ошондон кийин бизге чиновниктер келип, бизди “интернет жылдызы” болупсуңар деп, мектеп директорун урушуп кетишкен».
Формалдуу айтканда, бийлик айыл көйгөйлөрүн 2014-жылдан тартып эле чече баштаган — мектептин эски имаратынын жанына 225 орунга ыйлакталган эки кабатуу жаңы имарат түшкөн. Аны менен кошо спортзал дагы курушмак (Мамкурулуш берген тизмеде бул айылда курулган объект катары дал ушул спортзал көрсөтүлгөн). Бирок тогуз жылдан бери имараттар дагы деле пайдаланууга бериле элек.
Негизи курулуш бүткөн десе деле болот — болгону майда-чүйдө иштер калган: электр энергиясын кошуу, имараттын чатырына жамгырдын суусун агызуучу түтүк орнотуу, информатика классына компьютерлерди алып келүү, короо-жайды даярдоо, спортзалдын жуунучу жайына суу кайнаткычтарын орнотуу.
Анткен менен айылдыктардын бири жаңы корпустун кире беришинин алдында үйүлгөн цемент мүшөктөрүн көрсөтүп, ал быйыл деле 1-сентябрга карата ачылбаса керек деп болжолдойт*.
*«Клооптун» кабарчысы Сай айылына 16-августта барган
Дагы бир тургун мектепти жок дегенде кышында деле ачып беришсе жакшы болмок деп кошумчалады.
Курулуш узак жылга созулуп кеткендиктен курулган имарат дагы акырындык менен бузула баштаган — кээ бир дубалдарда жарака пайда болуп, андагы плиткалар ажырай баштаган.
«Азыркысынын [жаңы корпустун] ордунда мурда эски имарат турчу, балдар ошондо окучу. Аны бузуп туруп, мунусун салышты, — дейт дагы бир айыл тургуну. — 2014-жылы балам үчүнчү класста окучу, быйыл болсо мектепти аяктады».
Сай айылындагы окуяга деле таң калбай эле койсо болот. Анткени Жалал-Абад облусунун Кагазды айылында дагы ушундай эле көйгөй бар. Ал жакта 2012-жылы 100 орунга ылайыктап мектептин кошумча корпусун кура башташкан. Бирок бул жакта балдар имараттын иши толугу менен бүтө электигине карабастан жаңы корпуста окуп жатышат.
Кагазды Ноокен районунун административдик борборунан — Масы айылынан бир нече чакырым алыс жайгашкан. Айылда эки миңден ашык адам жашайт.
1990-жылдын башында ашар жолу менен курулган жергиликтүү мектеп болгону 100 орунга ылайыкталган. Анткен менен анда 230га чукул бала окуйт. Былтыр имараттын чатыры алмаштырылган, ал эми жакынкы жылдары терезе менен полдорун алмаштырууну пландашууда.
Мектептин директору Минажат Тороева класстар өтө эле толуп калгандыктан сабак учурунда дем алган кыйын болуп калганын айтат — тыныгуу учурларында бөлмөлөрдү желдетүү да жардам берген эмес.
Маселени чечүү үчүн мектеп кызматкерлери өткөн кышта балдардын бир бөлүгүн электри аягына чейин туташтырылбаган, ашканасы даяр эмес бүтө элек корпуста окутууну чечишкен. Буга Санэпидемкөзөмөл дагы уруксат берген дейт Тороева.
Мамкурулуштун тизмесинде Кагаздыдагы спортзалы бар кошумча корпус курулуп бүткөнү айтылат. Бирок эгер корпусту бүткөрүлгөн деп көтөрмөлөп айткан күндө деле жанындагы спорзалдын терезеси, чатыры, дубалы шыбалып бүтпөй турганын көрүүгө болот.
«Спортзалдын» чатыры, Тороеванын айтымында, жакында эле жабылган. Спортзалдын чатыры жабылып бүткөнгө чейин андан аккан суу жаңы корпустагы класттардын биринин шыбын зыянга учураткан. Ал жерде мүнөздүү так даана көрүнүп турат.
«Биз ал кабинетти колдонгон жокпуз. Балдар үчүн кооптуу деп ойлойбуз», — дейт директор алгачкы план боюнча спортзал менен кошумча корпустун курулушу бирдей убакта бүткөрүлүшү керек болчу экенин кошумчалап.
«Парталардын ортосундагы катарлардан өтө албайм»
Президенттин тизмесинде кагаз жүзүндө бүткөн, бирок иш жүзүндө бүтө элек имарат Бишкекте дагы бар. Бул жакта №16 мектептин кошумча корпусунун курулушу 2019-жылы эле башталган, бирок андан бери пайдаланууга бериле элек.
Имараттын өзү даяр, бирок мугалимдер объекттин ички иштери бүтө электигин айтышат*. Алардын айтымында, корпус пайдаланууга бериле элек жатып бузула баштаган — чатырынан суу өтүп, натыйжада кабинеттердин шыбында сары тактар пайда боло баштаган.
Мугалимдер объектти пайдаланууга өткөрүү мөөнөтүн пандемия, андан кийин баалар өсүп кеткени кечеңдеткен деп түшүндүрүшөт. Алар бийлик көйгөйдү билет дешет — мектепке бир нече жолу депутаттар келип кетишкен, келген сайын жаңы корпус ачыла турганына аз калды деп убадалашкан, бирок ошол бойдон корпус ачыла элек.
Ал өтө зарыл болуп турат — мектеп ушунчалык толуп калгандыктан, мугалимдердин айтымында, жаңы окуучуларды кабыл алуу дагы токтотулган.
«Парталардын ортосундагы катарлардан өтө албайм — үчтөн отурушат. Арткы партада отурган балдар эмне кылып жатканын дагы көрө албай калдым, — дейт мугалимдердин бири. — 1993-жылдан бери сабак берем. Анда бизде 20-25 эле окуучу отурчу, азыр менде 44 бала бар».
Мектеп кызматкерлери жаңы корпус жок дегенде келе жаткан кышта ачылып калат деп үмүттөнүшөт. Бирок, сыягы, бул дагы №16 мектептин өтө эле ашыкча толуп калган маселесин чечпейт окшойт. Жаңы корпус 225 балага, эскиси — 320 балага ылайыкталган.
Анткен менен учурда анда 1300 бала окуп жатат.
Миллиарддык мектептер
Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев жакында эле берген интервьюсунда сентябрга карата өлкө боюнча 10 жаңы мектеп ачылат деп убада кылган, бирок ал жетишсиз экенин белгилеген. Ал өлкөдө авариялык мектептердин саны жыл сайын көбөйөрүн моюнга алган. Министрдин айтымында, жыл сайын СССР убагынан бери калган 10-20 мектеп жараксыз абалга кептелет.
Кыргызстанга мектептерди коңшу өлкөлөр дагы куруп бере баштаган. Өзбекстан эки мектеп куруп берген — бирөөсүнүн ачылышы апрелде салтанаттуу түрдө өткөн, экинчисин окуу жылы башталганга чейин бүткөрүүнү убадалашкан. Орусия дагы тогуз мектеп куруп (андан соң Кыргызстанга өткөрүп берүүнү) убада кылган.
Минкабдын башчысы акылбек Жапаров июль айынын башында журналист жана блогерлер менен жолугушууда өлкөдө 110 мектептин курулушу башталганын, бирок дагы керек экенин айткан.
«Ремонт кылып отурбай жыл сайын 24 мектеп курушубуз керек», — деген ал ошондо. Бирок Жапаров ал үчүн бийлик өлкөнүн билим берүүсүнө миллиард доллар инвестиция салууга макул болгон инвесторду табууга үмүт артаарын кошумчалаган.
*«Клооптун» журналисти бул имараттын ичин көрүп чыкты
Авторлору: Мундузбек Калыков, Валентина Галич
Редактору: Дмитрий Мотинов
Окуянын продюссери: Алтынай Мамбетова
Которгондор: Алмир Алмамбетов, Бегайым Талантбекова
Дагы окуңуз: