Энергетика тармагын жаңыртууга 50 млн $ алуу пландалууда — депутат Бекешев

Депутат Дастан Бекешев парламенттин бюджет боюнча комитетинде эл өкүлдөрү Кыргызстан энергетика тармагын модернизациялоо үчүн алууну пландап жаткан насыя маселесин карашарын билдирди. Бул тууралуу депутат Телеграм-каналында билдирди.

Бекешевдин айтымында, аталган келишим боюнча өлкө 38 жылдык мөөнөткө 50 млн доллар насыя алууну пландап жатат.

«Келишимде энергетика тармагында тариф саясатын өзгөртүү кыйытылып жатат, тариф көтөрүлөт окшойт. Насыя энергетика тармагын модернизациялоого алынат: 10 млн доллар бөлүштүрүү тармагын реабилитациялоо жана модернизациялоого, 35 млн доллар бөлүштүрүү тармагын санариптештирүүгө, 3 млн доллар социалдык коргоо тутумун бекемдөөгө, 2 млн доллар институционалдык өнүктүрүүгө жана долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө», — деп жазды Бекешев.

Депутат ЕАЭБге байланыштуу дагы бир макулдашууну кароо пландалып жатканын кошумчалады. Келишим жүктөрдү ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу маселесин камтыйт.

Бекешев мындай пломбалар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагынан ташылып жаткан товарларга реалдуу убакыт режиминде көз салууга жардам берерин айтты.

«Санариптешүүнүн доору бизге да акырындан жете баштады, бирок бизде адатта мындан да акча жасоого аракет кылышат. Мында кыргыз ишкерлери иштеп калса жакшы болмок, бирок бизди ЕАЭБдин алкагындагы санариптешүүгө жолотушпайт. Ага орус олигархтарынын бири менен байланыштуу болгон Перспективдүү технологияларды өнүктүрүү борбору мисал, ал товарларды маркировкалайт», — деп белгиледи депутат.

Бекешев парламент комитеттери 5-сентябрдан тарта жыйындарга чогула башташарын кошумчалады.