Мамлекеттик айыптоо Next TV’нын директорун 7 жылга кесүүнү суранды

Мамлекеттик айыптоочулар Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиевди 7 жылга эркинен ажыратууну суранышты. Ал телеканалдын соцтүйүндөгү барагына Кыргызстан Украинадагы согушта Орусияга жардам берүүгө макул болгон ыктымал делген маалымат чыгарылганы үчүн улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып жатат.

5-сентябрда Бишкектин Бииринчи май райондук сотунда Дүйшөнбиевдин иши боюнча тараптардын жарыш сөзү өттү. Анда прокурор айыпталуучунун күнөөсү кылмыш иштин материалдары, экспертизанын корутундулары жана эксперттердин көрсөтмөлөрү менен далилденди деп билдирди.

«[Next TV’нын барагындагы публикация] коомдук резонанс жаратып, посттун алдына терс комментарийлерди чогулткан. Тергөө бир нече ирет экспертизаларды, анын ичинде комплекстүү, лингвисттик жана политологиялык экспертизаларды жүргүздү. Корутундуда материалдарда улуттар аралык кастыкты жана этникалар аралык жек көрүүнү козуткан белгилер бар экени көрсөтүлгөн», — деп келтирет мамлекеттик айыптоочулардын билдирүүлөрүн 24.kg басылмасы.

Дүйшөнбиев өзү ага карата саясий буйрутма менен кылмыш иши козголгон деп айтууда.«[Жарыш сөздө] прокурор бир да далил келтире алган жок [...] Бул сөз эркиндигине басым кылуу жана куугунтук», — деп эсептейт ал.

Дүйшөнбиев эмне боюнча айыпталып жатат?

Next TV телеканалынын директору УКМКнын кызматкерлери тарабынан 3-мартта кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишим жетишилди деген жалган маалымат тараткан».

Кеп «Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысы А. Мусаев Кыргызстан менен Тажикстан жашыруун түрдө Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти деп айтты» деген аталыштагы материалы тууралуу болууда, материал телеканалдын социалдык тармактардагы барактарына жарыяланган. Бирок журналисттер маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин жазгандарына таянышкан.

26-июлда Жогорку сот Next TV’нын материалдарын экстремисттик деп тапканы белгилүү болгон. Ал эми Дүйшөнбиевге карата «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.