Байыркы кол өнөрчүлүктү аздектеп, музей ачууну кыялданган бишкектик сүрөтчү

«Кийиз дүйнө» фондунун негиздөөчүсү Айдай Асангулова — байыркы улуттук кол өнөрчүлүктү жайылткандардын бири. Мындан тышкары Айдай жеке этнографиялык музей ачууга аракет кылып жүрөт. Айдай кол өнүрчүлүктү сактоо канчалык маанилүү экенин жана аны заманбап маданиятта кантип колдонууга болорун айтып берди.

«Негизги максатыбыз — бул биринчиден, «жандандыруу, сактоо жана жайылтуу» деп алдыбызга коюп, ушул илгерки салттуу билимди, аны менен байланыштуу нерселерди таанытуу болуп эсептелет», — дейт Асангулова.