Депутат Кадырбеков: Кадамжайлык кыздын өлүмүнө кайдыгер коом күнөөлүү

Депутат Нуржигит Кадырбеков Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жашар кыздын өлүмүнө коом күнөөлүү деп эсептейт. Бул тууралуу ал 7-сентябрда парламент жыйынында айтты.

Эл өкүлү кептин баары коомдун өзүндө жатат деген пикирде.

«Эгерде өлтүргөндөр кайра-кайра кылмыш кылып түрмөгө түшкөн рецидивисттер болсо мен макул дейт элем. Көнүп калган, жүрөгү кара, адам кейпиндеги айбан шайтандар деп [...] Бул жапжаш балдарыбыз, 20дан 30га чыга элек, үйлөнө элек бойдок балдар [...] Ким күнөөлүү? Бирөөнү айыптап коюш оңой эле. Өзү биздин бир өзгөчөлүгүбүз бар, жыгылып калсак тепкичти күнөөлөйбүз же карды же музду күнөөлөйбүз. Ар бирибиз өзүбүзгө жоопкерчиликти алалы. Биринчи, [кайдыгер] коом күнөөлүбүз», — деди ал.

Кадырбеков аёосуз адам өлтүрүүнүн бирден бир себеби катары миграцияны атады. Анткени, депутаттын айтымында, Кыргызстанда 80 миңден 100 миңге чейинки жаш баланын ата-энеси миграцияда.

Эл өкүлү көптөгөн мекендештер балдарын туугандарына же аяштарына таштап кетерин кошумчалады.

«Өзүңө керек эмес бала — эч кимге керек эмес. Өзүң күйбөгөн балага башка бирөө эч качан күйбөйт», — дейт Кадырбеков.

Депутат балдарга мээрим жетпей жатканын, «ошол мээрим жетпеген балдар кийин мээрим көрсөтпөйт», балким «кылмыш кылган балдардын айыбы ошол жерде» деп болжоду.

Мындан тышкары, Кадырбеков мындай кылмыштарга массмедиада зомбулукту жана сексти пропагандалоо, ЖМКда терс жаңылыктарды жайылтуу, ошондой эле криминалдык жашоону романтизациялоо себеп деп ойлойт.

Депутат сөзүнүн аягында өлкөдө мындай кылмыштарга жол бербөө үчүн өлүм жазасын киргизүү керек деген оюн айтты.

Буга чейин ушундай эле сунушту депутат Ырысбек Атажанов дагы айткан. Эл өкүлүнүн бул сунушун кесиптештери дагы колдогон, алардын арасында Чолпон Султанбекова, Алишер Козуев, Тазабек Икрамов, Кундузбек Сулайманов, Нуржигит Кадырбеков, Адахан Мадумаров жана башкалар бар. Бирок депутаттардын кесиптеши Марлен Маматалиев бул Конституцияга каршы келерин эскерткен.

Киши колдуу болгон кадамжайлык 14 жашар кыз

14-жашар кыздын сөөгү 4-сентябрда Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден табылган. Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Милиция аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган.

Мындан тышкары, кармалгандар кызды зордуктоого да айыпталып жатканы белгилүү. 14 жашар секелектин окуясына байланыштуу президент Садыр Жапаров дагы реакция кылып, бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын айткан. Ал кыргыз эли «байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган» деп белгилеген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы иш жеке көзөмөлүнө алынганын билдирип, укук коргоо орган кызматкерлери бул ишти адилет тергеп берет деп убада кылган.