Депутат педофилия үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Кеңеш Атажанов педофилия үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 7-сентябрда парламент жыйынында айтты.

Эл өкүлү жыйында Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жашар кыздын өлүмүн эскертти. Ал бул иш боюнча маалымат угуу үчүн укук коргоо органдардын өкүлдөрүн чакырууну сунуштады.

Атажанов мындай кылмыштардын алдын алуу үчүн чара көрүү керектигин баса белгиледи.

«Мыйзамдарды өзгөртүп, педофилдерге карата өлүм жазасын киргизсек жакшы болот эле», — деп белгиледи ал.

Депутаттын сунушун бир катар кесиптеши дагы колдоду. Бирок эл өкүлү Марлен Маматалиев өлүм жазасы Конституцияга каршы келерин эскертти.

Ал арада, 14 жаштагы кыздын киши колдуу болушунан кийин Change.org сайтында колдонуучулар педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүү жөнүндө петициясын түзүштү.

Киши колдуу болгон кадамжайлык 14 жашар кыз

4-сентябрда Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Тергөө уланууда.

14 жашар секелектин окуясына байланыштуу президент Садыр Жапаров дагы реакция кылып, бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын айткан. Ал кыргыз эли «байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл» деп белгилеген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы иш жеке көзөмөлүнө алынганын билдирип, укук коргоо орган кызматкерлери бул ишти адилет тергеп берет деп убада кылган.