Прокуратура 11 жылдан бери зомбулуктан жапа чегип келе жаткан аялдын ишине чара көрбөй жатат

11 жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип келе жаткан аял укук коргоо орган кызматкерлери милдетин аткарбай жатканына даттанды. Бул тууралуу ал «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында кабарлады.

Басма сөз жыйынга жабырлануучуну «Сезим» кризисттик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова алып келген. Рыскулова жыйында журналисттерден жабыркаган аялга суроону үндү өктөм чыгарып берүүнү суранды, себеби ур-токмоктон улам аялдын бир кулагы укпай калган, экинчиси — бир аз эле угат.

11 жылга созулган зомбулук

Жабырлануучу аял күйөөсү менен 2011-жылдан бери жарандык никеде жашап келе жатканын, ошол жылдан бери жолдошу психологиялык жана физикалык зомбулук көрсөтүп келе жатканын билдирди.

Аялдын атымында, алгачкы жолу күйөөсү бирге жашай баштагандан кийин беш ай өткөн соң кол көтөрө баштаган, ал убакта кош бойлуу болгонуна беш айга жакындап калган — учурда аялдын үч баласы бар.

«Турмушка жаңы чыкканда боюмда болуп, беш айга жакындап калганда себепсиз эле уруп, балам ичимден чарчап калды. Дарыгерлер баланы кескилеп алышкан, “Ата-энеңе айтпа, ооруканага барба, мени камап коет” деп күнөөсүн моюнга алган. Мен дагы жашаганыбызга аз эле күн болду, кайра ажырашамбы, ата-энемдин үйүндө отурамбы деген ой менен калып калдым. Бирок ур-токмогу токтогон жок. Мени, балдарымды сабап жүрдү. Балдарым ыйласа, эмнеге ылайт деп бешигин тоголотуп жиберген күндөр дагы болгон. Балдардын ыйын укканда жаздык менен алардын бетин жаап жинденчү. Атасынын үнүн укканда 5 жана 9 жаштагы кыздары заара ушатып жиберет», — дейт жабыркаган аял турмушун баяндап.

Аялдын айтымында, күйөөсү аны ажаатканага өз алдынча басып бара алгыс абалга чейин сабайт. Ал эми кошуналар арачага келгенде аралашпагыла деп айтат.

«Сезим» кризисттик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова жабыркаган аял учурда балдары менен кризистик борбордо баш калкалап жатканын билдирди. Рыскулованын айтымында, аял кризистик борборго эки жолу келген, бирок экөөндө тең күйөөсү коркутуп-үркүтүп атып алып кеткен.

«Акыркы жолу борборго жабырлануучунун кызы апасына жардам берүүгө чакырып чалган. Атасы апасын үйгө камап сабап жаткан. Ага чейин ал үй-бүлөсүн тоого алып барып, чогу өлөбүз деп шылдыңдап, балдарын мазактаган», — деп айтып берди Рыскулова.

Укук коргоо органдарынын көңүл коштугу

Рыскулбекова укук коргоо органдарына кайрылып, жабыркаган аялдын күйөөсүнө «Кыйноо» беренеси менен кылмыш ишин козгоону өтүшкөнөнүн, бирок сот «Денеге жеңил залал келтирүү» беренеси боюнча өкүм чыгарып койгон. Ал боюнча зордук көргөн аялдын күйөөсү мамлекетке 50 миң сомдук айып пул төгүшү керек.

«Бул адилетсиз, жеңил жаза деп эсептейбиз. Ал коомдук жумуштарды жасаганга гана милдеттендирилди, бирок ал башка бирөөнү жумшап койду. Мына, биздин иштебеген мыйзамдарыбыз! Прокурор “Кыйноо” беренеси менен эмес “Денесине жеңил залал келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду», — деп датанды Рыскулбекова Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорунун аракетине.

Кризистик борбордун жетекчиси аялын сабаган киши сотто жабырлануучунун кулагы мурда эле укчу эмес деп, күнөөсүн мойнуна албай жатат.

Рыскулбекова сот адилеттүү чечим чыгарып бериши үчүн бийликтен аялга көмөк көрсөтүүнү суранды. Ал аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук боюнча иштерди талаптагыдай алып барбаган укук коргоо орган кызматкерлеринин аракеттерине каршы күрөштө бийлик жардам бериши керек деп эсептейт.

«Зордук-зомбулуктан жабыркагандар укук коргоо органдарына кайрылышпайт, анткени милиция сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулук болгондо милдетин тийиштүү түрдө аткарбайт, этибарга алышпайт. Баштапкы териштирүүдө тергөөчүлөр жабыркагандардын укугун камсыздабаганы үчүн иштер жабылып калат. Кээ бир иштер гана ачыкка чыгат, андан дагы иштер сотко жеткен учурлар аз», — деп билдирди укук коргоочу.

Рыскулбекова кылмыш иши козголгон күндө деле ал жылдарга созулуп кетерин, ал эми аларды кароодо жабыркагандардын укугу бузуларын белгиледи.

«Аялдар менен кыздар өз укуктарын коргоп жатканда чоң тоскоолуктарга кабылат — дискриминацияга, куугунттукка туш болушат. Тергөө процедуралары одоно бузулат, сот процесстери атайлап создуктурулат. Буга көп жылдан бери кризистик борбордун өндүрүшүндө жаткан иштер мисал боло алат», — деп жыйынтыктады сөзүн борбордун жетекчиси.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Ошондой эле, Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.