Туруксуз, принциби жоктор. Мадумаров парламент депутаттарын сынга алды

«Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын башчысы Адахан Мадумаров 7-сентябрда парламент жыйынында кесиптештерин сынга алды. Буга эл өкүлүнүн кесиптештери жыйынга кеңешиш үчүн Министрлер кабинетинин өкүлдөрүн чакыргысы келгени себеп болду.

Депутаттар жыйында Баткенде 14 жашар кыз киши колдуу болгон окуядан кийин педофилиция үчүн өлүм жазасын киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышкан. Мадумаров мындай кылмыштар үчүн мурда өзү да өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаганын, бирок ал үчүн референдум өткөрүү керектигин билдирди. Анткен менен оппозиячыл депутат эл өкүлдөрүн эгер өлүм жазасын киргизүүнү туура көрүшсө позицияларынан тайбоого чакырды.

«Биз — Жогорку Кеңешпиз, урматтуу кесиптештер, Жогорку Кеңеш — эл өкүлдөрүбүз. Эл өкүлдөрү деген сөз, элдин укугун, элдин бийлигин биз аркылуу жүргүзөт деген сөз. Биз мыйзам чыгаруу бутагыбыз, биз аткаруу бутагы эмеспиз. Бирок, тилекке каршы көпчүлүк учурда кандайдыр себептер менен аткаруу бийлиги менен тил табыша кетип, ымалалашып кеткен учурда мамлекеттүүлүккө катуу сокку урулуп атат Биз ал министрди чакыралы, бул министрди чакыралы деген сунуштар кирип жатат [...] Комитетке келбеген документтерди талкуу кылып, добуш берген учурлар жокпу урматтуу жакшылар? Көрбөй туруп кол койгон учурларыбыз жокпу, урматтуу депутаттар? Биз жаман урматтуу депутаттар, биз туруксузбуз, биз принцибибиз жок, биз колдо дегенди колдоп атабыз, көтөр дегенди көтөрүп атабыз, ташта дегенди таштап атабыз, биз жасап атабыз, бардыгы биздин колубуз менен болуп атат. Кийин тарыхтын алдында алар жооп бербейт, биз жооп беребиз, Жогорку Кеңеш ушундай чечимди кабыл алган деп», — деди Мадумаров.

Мадумаров буга чейин дагы кесиптештерин жогорудан келген чечимдерди тез кабыл алганы, ошондой эле мыйзам долбоорлоруна добуш берүүдө Жогорку Кеңештин регламентин бузуп жатышканы үчүн далай сынга алган.

Мисалга, 2022-жылдын июнь айынын аягында Мадумаров парламент спикери Талант Мамытовду фракция лидерлерин иш кабинетине чакырып алып алардан казинону мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоп берүүнү суранганы үчүн сынга алган. Ал муну «шерменделик» деп атаган. Ошол эле учурда казинону Кыргызстан боюнча ачууну Мамытовдун жакын үзөңгүлөшү, президент Садыр Жапаров демилгелеген.

Мадумаров кесиптештеринен тышкары президент Садыр Жапаровду, анын жакын үзөңгүлөшү, досу жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди дагы бир нече ирет сынга алган. Ал позициясы үчүн басымга жана коркутууларга дуушар болгон.

Мисалы, Ташиев Мадумаровду «колуңду сындырам», андан кийин «камайм» деп коркуткан. Бийлик Мадумаровду мамлекетке чыккынчылык иши боюнча жоопко тартууга аракет кылган. Бирок аны эл өкүлдөрү коргоп калган — депутаттар Башкы прокуратурага аны жоопко тартууга уруксат бербей коюшкан.