УКМК: Эмил Бекиев «улут аралык кастыкты козуткан макалаларды жарыялаганы» үчүн кармалды

Кыргыз бийлигин сындаган активист Эмил Бекиев фейсбук барагы аркылуу «улут аралык кастыкты козуткан макалаларды жарыялаганы» үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, активист Орусиянын майзамдарын бир нече жолу бузганы үчүн 6-сентябрда кармалган. Ага карата Кыргызстанда «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен иш козголгону үчүн өлкөгө депортацияланды.

УКМК Биринчи май райондук соту буга чейин Бекиевди камакка алуу түрүндө бөгөт чарасын сырттан тандаганын кошумчалады.

Ал эми бүгүн иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбек активист Орусиядан учуп келгенден кийин аэропортто кармалган учурда тартылган видеону жарыялаган.

Ошондой эле ал Бекиевдин иши боюнча Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Москва облусу боюнча башкармалыгынын сотко жолдогон документин жайгаштырган.

Анда Бекиев «экстремисттик иш-аракеттерге кошулуп, радикалдык исламды жактап, диний жана этникалык артыкчылык идеяларын карманып, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келгендердин арасында экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөнү» айтылат.

Буга чейин Бекиев Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдына жалгыз митингге чыккан. Ал «Зэк президент боло албайт. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм» деген жазуусу бар плакат көтөрүп турган.

Ошондой эле активист соцтүйүндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бийлигин сындап келген.