Чоң-Алай: Памирден көчүп келген 17 кыргыз үй-бүлөсүнүн паспорт жана турак жай маселеси чечиле элек

Үч ай мурда Памирден Кыргызстанга көчүп келген 17 үй-бүлөнүн паспорт жана турак жай маселеси чечиле элек. Бул тууралуу Бекзат Забиддин акун аттуу памирлик кыргыз 8-сентябрда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Чоң-Алай районундагы эл менен жолугушуусунда билдирди.

«Бизден да көйгөй көп. Биринчиден, паспорт маселебиз үч айга жакындап калды, маалым болгон жок. Экинчиден, үйлөр качан болот же болбойбу? Талды-Суудагы туугандарга үй берген, жер чечип берген эмес. Азыр чөп, мал жөнүндө маселелер бар. Алар берилген үйлөрдүн паспорту тууралуу дагы 3-4 жылдан бери маалымат жок», — деди ал.

Забиддин акун Чоң-Алайдагы жерге убактылуу жайгашканын айтып, «суук түшүп, балдары окушу керек болгон үчүн ал жерди бошотушубуз керек» деп белгиледи.

Бийлик өкүлдөру эмне дейт?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев памирлик кыргыздарга паспорт берүү маселесин чечип берүүнү тиешелүү органдарга тапшырды.

Ошондой эле Төрөбаев памирлик кыргыздар үчүн 70 гектар жер трансформацияланып, үй куруу үчүн 232 миллион сом каралганын айтты.

Ал эми президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов бийлик памирлик кыргыздарды пландаштырбай эле Чоң-Алай районуна жиберип салганын айтты.

«3 ай болуп калды Памирден 17 үй-бүлө көчүп келген. Акча каражатын бөлбөйт дагы, Чоң-Алайга жайгаштыргыла деп коёт. Эгер жарандарыбыз келе турган болсо, биринчи акча маселесин чечип, пландаштырып жөнөтсө жакшы болмок да. Азыр кыш келе жатат, ар бир үй-бүлөгө жашаганга жай таап беришибиз керек. Жогору жактан ушуга окшогон нерселерди эске алып, пландаштырып жөнөтсөңүздөр», — деп суранды ал жогорку бийлик өкүлдөрүнөн.

Үстүбүздөгу жылдын июнь айында бийлик Ош облусунун Чоң-Алай районуна Памирден 17 үй-бүлө көчүп келерин айткан. Алай районунун акими Темирболот Абыкеев алар үчүн турак-жай курула турганын айткан.

Этникалык кыргыздар

Сүрөт: Элвира Султанмурат кызы

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми кийинчерээк Нарынга дагы бир-нече үй-бүлө өз алдынча көчүп келген.

Кийинчерек 2019-жылдын декабрь айында Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектептин имаратына жайгаштырылган.

2020-жылдын октябрында Нарында жана Кара-Балтада жашаган памирлик кыргыздар Алай районунун Талды-Суу айылына көчүп келишкен. Ал жакка жалпы 11 үй курулуп, алардын сегизи Нарындан келген 34 кишиге арналган.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

Тема боюнча:

Чоң-Алайга он күн ичинде памирлик 17 үй-бүлө көчүп келет