Чоң-Алайга он күн ичинде памирлик 17 үй-бүлө көчүп келет

Сүрөт: Элвира Султанмурат кызы

Ош облусунун Чоң-Алай районуна Памирден 17 үй-бүлө көчүп келет. Бул тууралуу «Клоопко» ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, этникалык кыргыздар 10 күндүн ичинде өлкөгө келишет. Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев алардын келишине даярдыктар көрүлүп жатканын билдирди.

«Памирликтерди убактылуу райондогу № 44 кесиптик лицейге жайгаштыра турган болдук. Тамак-аш, кийим кечелерди даярдап койгонбуз», — деди ал.

Ошондой эле ал этникалык кыргыздар үчүн жакын арада турак жай курула турганын айтты.

«Биз президенттин өткөн жылдагы тапшырмасына ылайык 70 гектар жерди трансформациялаганбыз. Курулуш иштери быйылкы жылдын планына да киргизилген. Акча бөлүнсө эле биз көчүп келген этникалык кыргыздар үчүн турак жайлардын курулушун баштайбыз», — деди аким.

Этникалык кыргыздар

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми кийинчерээк Нарынга дагы бир-нече үй-бүлө өз алдынча көчүп келген.

Кийинчерек 2019-жылдын декабрь айында Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектептин имаратына жайгаштырылган.

2020-жылдын октябрында Нарында жана Кара-Балтада жашаган памирлик кыргыздар Алай районунун Талды-Суу айылына көчүп келишкен. Ал жака жалпы 11 үй курулуп, алардын сегизи Нарындан келген 34 кишиге арналган.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сууктан тажадык». Памирлик кыргыздар Алайда курулган үйлөрдүн ачкычын алышты