«Сууктан тажадык». Памирлик кыргыздар Алайда курулган үйлөрдүн ачкычын алышты

Нарында жана Кара-Балтада жашаган памирлик кыргыздар 28-октябрда Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айылына көчүп келишти. Облус башчысы Жарасул Абдураимов жети үй-бүлөгө жаңы бүткөн турак үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды.

Талды-Сууга жалпысынан 11 үй курулуп, алардын сегизи Нарындан келген 34 кишиге арналган. Ал эми үчөө буга чейин райондун Сары-Могол айыл өкмөтүндө убактылуу мектеп имаратында жашап жаткан этникалык кыргыздарга берилет.

«Үйлөрдүн бардык шарты бар, жылытуу системасы менен эко талапка ылайык курулган. Чоң үч бөлмөдөн турат. Ал жер памирлик боордоштордун кичи шаарчасындай эле болуп калды», — деди өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы.

Ал эми Нарындан көчүп келген этникалык кыргыздардын бири Абдилбаит Жээнбек уулу үйлөр «жакшы» шартта курулганын ырастады. Бирок жердин суук болгону алардын «маанайын түшүргөнүн» айтат.

«Памирден Памирдей эле жерге келип калдык, суук экен. Ал жак деле ушунчалык суук. Биз Кыргызстанга барсак жылуу жер болсо, “жылуу жашасак, сууктан тажадык” деп келген элек. Биздин бешенеге суук жер бүткөн экен, суукта эле калып калдык», — деди ал.

Ал памирликтер учурда көчүп келгенден кийинки отурукташуу иштери менен алектенип жатышканын кошумчалады.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын май айында Алай районунун Талды-Суу айылына Нарында жашап жаткан этникалык кыргыздар үчүн жети турак жай курууга казынадан 10 млн сом бөлүнгөн. Үйлөр долбоор боюнча төрт бөлмөдөн тураары айтылган.

Этникалык кыргыздар

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми кийинчерээк Нарынга дагы бир-нече үй-бүлө өз алдынча көчүп келген.

Кийинчерек 2019-жылдын декабрь айында Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектептин имаратына жайгаштырылган.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.