УКМК «Азия Микс» КВН командасынын мүчөсүн алдамчылыкка шектеп кармады

УКМК «Азия Микс» КВН командасынын мүчөсү Марат Жуманалиевди кармаганын билдирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

«Клооптун» маалымат булагы дагы кармалган адам Жуманалиев экенин ырастады.

Мамкомитеттин маалыматына ылайык, Мурат Жуманалиев менен кошо дагы бир адам кармалган, алар «Алдамчылык» беренеси боюнча шектелип жатат. Тергөөнүн версиясына ылайык, кармалгандар финансылык пайда көрүү максатында Орусиянын жараны, «Спекулянт» компаниясынын башкы директорунун ишеними кирип, анын укук коргоо органдар менен болгон маселсин чечип берүүнү убада кылып ири суммадагы акчага ээ болуп алышкан.

«Убадаларын аткарбай, алынган акча каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу максатында “Спекулянттын” башкы директорунун жакындарын республиканын жогорку жетекчилиги менен жеке байланышта экенин, ошондой эле УКМКнын төрагасынын уулу менен жеке тааныштыгы бар экендигин айтып коркутушкан», — деп билдиришти мекемден.

Кармалгандар күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө беришкени айтылууда. Иш боюнча тергөө уланууда.

Марат 2016-жылы Орусияда КВНдин Жогорку лигасында жеңип, Борбор Азиядагы алгачкы чемпиондор командасына айланган «Азия Микс» КВН командасынын мүчөсү катары белгилүү.