Кыргызстандык спортчу Орозали Максудов кунг-фу боюнча дүйнө чемпиону болду

Сүрөт: Кыргызстандын кунг-фу федерациясы. Орозали Макудов.

Кыргызстандык спортчу Орозали Максудов Түркиянын Анкара шаарында өткөн кунг-фу боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кунг-фу федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке Максудов 80 килограмм салмакка чейинки категорияда катышты. Ал «Кунг-фу Фул» (Sanda) жана «Кунг-фу Лайт» (Light Contact) дисциплинасы боюнча күч сынашты.

Максудов «Кунг-фу Фул» боюнча 1-орунду ээлеп, дүйнө чемпиону болду. Ошондой эле «Кунг-фу Лайт» (Light Contact) дисциплинасында 3-орунга татыды.

Кунг-Фу боюнча дүйнө кубогу Түркияда 6-сентябрдан 9-сентябрга чейин өттү. Мелдеш эл аралык кунг-фу федерациясы тарабынан уюштурулуп, 13 өлкөнүн спортчулары катышты.

Кунг-фу (Ушу) — кытайлардын согуштук өнөрүнүн бир түрү, ал дүйнөдөгү эң эле байыркы согуштук өнөрлөрдүн бири катары да белгилүү. Анда дененин өсүшү гана эмес, руханий тарбияга да көңүл бурулары айтылат. Кунг-фу 1960-жылдары Брюс Ли тартылган Голливуд тасмалары чыккан соң бүт дүйнөгө белгилүү болгон.