Сот бажынын экс-башчысы Кубанычбековду күнөөлүү деп таап, бир млн сом айып салды

Мамлекеттик Бажы кызматынын экс-төрагасы Адилет Кубанычбеков «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 1 млн сом айыпка жыгылды.

Соттон мурдагы бажычы аталган берененин үч бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылганын белгилешти. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кубанычбековго карата соттун өкүмү 28-апрелде чыккан.

Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын башчылыгына 2021-жылдын октябрында дайындалган. Кубанычбеков бул кызматка дайындалганга чейин бажылык жөнгө салуу менен алектенген компанияга тийиштиги бар деп айтылып жүргөн.

Аны менен байланышы бар делген «Силк Вей Терминал» компаниясы — дагы башка үч фирманын негиздөөчүсү болуп эсептелет. Алар: «Место таможенного оформления «Юг» , «Место таможенного оформления «Север» и «Таможенная инфраструктура».

Кубанычбеков 2022-жылдын январь айында УКМКнын кызматкерлери тарабынан коррупцияга шектелип кармалган.

Ал эми мартта УКМК Кубанычбеков үй камагына чыгарылганын жана мамлекетке келтирген чыгымдын ордун толтуруп бергенин билдирген.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков мамлекетке келтирилген 51 млн 220 миң сом зыяндын ордун толтурду. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алды, ошондуктан Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү», — деп айтылган ведомствонун маалыматында.

Автору: Зулайка Эркимбаева