УКМК: Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат деп билдирди. УКМКнын пресс-релизинде Тажикстан Кыргызстанга каршы «гибриддик согуштун баардык ыкмасын колдонуп, ошону менен бирге соцтүйүндөрдө жалган маалыматтарды жайылтып жатат» деп айтылат.

Кыргызстандын УКМКсы «тажик тарап Кыргызстанды жаңжал чыгарды деп айыптап жатат, бирок өздөрү алдын ала даярдалган танктарды, миномётторду, бронтехникаларды жана “Град”залп ок менен атуучу ракеталык системасын активдүү колдонуп жатат» деп билдирди.

«Көрүнүп тургандай, Тажикстан шаар, айылдар жана калктуу пунктарга чабуул жасап, Кыргызстандын аймагын алуу үчүн Тажикстан Республикасынын чек ара жана аскердик куралдуу күчтөрүнүн бардык түрүн колдонуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан кыргыз тарап Тажикстанды ок атууну токтотуп, столго отуруп абалды биргеликте жөнгө салууга чакырарын кошумчалады.

16-сентябрь күнү Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт курчуп кеткен. Чек арадагы биринчи кагылышуулар 14-сентябрда эле башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, курч кагылышуулар эки өлкөнүн чек арасындагы бардык тилкелерде болуп жатат. Эки өлкөнүн тең бийлиги куралуу конфликтти баштоого бирин-бири күнөөлөп жатат.

Ведомстводон билдиришкендей, Тажикстан кагылышуда оор бронетехникаларды, залптык ракета системасы жана учактарды колдонуп жатат.

«Кыргызстандын аскерлери кургактыктан жана абадан келген бардык чабуулдарды кайтарып, Кыргызстандын калктуу конуштарын басып алууга жол бербей, коргоп жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстандын Чек ара аскерлери Кыргызстандын аскер кызматкерлери «Жекелик жана топтук курал-жарактардын жана аскердик техникалардын баардык түрү менен Тажикстандын калктуу конуштарын катуу аткылашкан» деп билдирди.

Кыргыз бийлиги жарадар болгондордун саны 42 кишиге жеткенин маалымдады, ал эми тажик тарап каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Баткен жана Лейлек райондорунун тургундарын эвакуациялоо үчүн убактылуу баш калкалоочу пункттар уюшулганын билдиришти.

Кыргызстандыктар жабыркагандарга гум жардам чогултуу үчүн Бишкек жана Ош шаарынын райондорунда пунктарды ачышты. Борбор калаадагы пункттардын даректерин бул шилтемеден таанышыңыз.