Сүрөт: Баткендеги чек ара жаңжалында жабыр тарткандарга гумжардам жөнөткөн ыктыярчылар

Кыргыз–тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Ошол эле күнү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында кайдыгер эмес жарандар жана бийлик тарабынан чек арага жакын райондордо жабыркагандарга гумжардам чогултуу үчүн борборлоштурулган пункт ачылган.

Кыргызстандыктар жана башка өлкөнүн жарандары 16-сентябрдан бери гумжардам чогултуу пунктуна кийим-кече, азык-түлүк, жеке гигиеналык жана медициналык каражаттарды алып келип жатышат. Гумжардамды бөлүштүрүп жүктөөгө өтө көп сандаган ыктыячылар тартылган. Алардын жардамы менен гумжардамдын биринчи партиясы Кыргызстандын түштүгүнө 16-сентябрь түнү эле жөнөтүлгөн. «Клооптун» журналисти Жоомарт Дуулатов Спорт сарайында гумжардамды чогулткан ыктыярчыларды жана жарандар өлкөнүн түштүгүнө кантип жардам берип жатканын сүрөткө тартып келди.

Сүрөт: Жоомарт Дуулатов, «Клооп»
Сүрөт: Жоомарт Дуулатов, «Клооп»
Сүрөт: Жоомарт Дуулатов, «Клооп»
Сүрөт: Жоомарт Дуулатов, «Клооп»
Сүрөт: Жоомарт Дуулатов, «Клооп»
Сүрөт: Жоомарт Дуулатов, «Клооп»

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңдал 2022-жылдын 14-18-сентябрь аралыгында эң аз дегенде 59 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Саламаттык сактоо министрлигин маалыматында куралдуу жаңжалда 144 киши жарадар болгон.

Кыргыз бийлиги бул окуяны агрессия деп атап, Тажикстан тараптан кол салуу деп атады. Ал эми Тажикстан тарап өз кезегинде Кыргызстанды жаңжалды эскалациялоого жана куралдуу агрессияга айыптап жатат.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, Баткен облусунун кооптуу аймактарынан 136 миңден ашык адам, ал эми Иш облусунан — 5301 киши эвакуацияланды. ӨКМдин 18-сентябрга карата маалыматына ылайык, Баткен облусуна 209 тонна гумжардам жеткирилген. Президент Садыр Жапаров 19-сентябрды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташып баратат деп мүнөздөйт.