Ош: Алайда 13 жашар өспүрүм кыз жоголду, жакындары аны табууга көмөк сурайт

Ош облусундагы Алай районунун Нуриза аттуу 13 жашар тургуну изделип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» анын жакындары билдирди.

Маалыматка караганда, Нуриза 17-сентябрь кечки саат 18:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Аны Алайдан Ошко алып барган таксист кыз шаардагы «Глобус» гипермаркетинен түшүп калганын айткан.

Ал эми аталган гипермаркеттин видео байкоочу камерасына кыз түнкү саат 12:30дарда ал жактан чыгып кеткени түшкөн.

Өспүрүм ошол күнү кара футболка, көгүш түстөгү шым жана ак бут кийим кийип жүргөн. Жакындары аны көрүп-билгендер болсо 0505 133 644, 0990 123 190, 0554 157 000 номурларына же милицияга кайрылууну суранат.