Өлкөнүн биринчи бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит дүйнө салды

Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит 20-сентябрь күнү эртең менен дүйнө салды. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчы институтунун сайтында кабарланды.

Сүрөт: Бизнес-акыйкатчы институту

Робин Орд-Смит бизнес-акыйкатчылык кызматты 2019-жылдан бери аркалаган. 2015-жылдан тартып 2018-жылга чейин Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси болгон.

«Робин Орд-Смит бизнестин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жана Кыргызстандын Улуу Британия жана башка өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Ал ишкерлердин укугун коргоо боюнча өз алдынча көз карандысыз институттун миссиясына бекем ишенип, Кыргызстандын келечегине, экономикалык гүлдөп-өсүшүнө анын табиятынан шыктанган. Кыргызстан анын экинчи мекени болуп калган», — деп эскеришти кесиптештери Робин Орд-Смитти.

Редакция маркумдун жакындарына көнүл айтат.