Футбол: Орусиянын курамасы достук матчын 2:1 эсебинде жеңди

Кыргызстан — Орусия улуттук курамаларынын достук матчында орус тарап жеңишке жетти. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, 2:1 эсебинде аяктады.

Алгачкы 5-мүнөттө эле кыргызстандык оюнчу Алимардон Шүкүров бир голду дарбазага киргизди. Андан кийин 30-мүнөттө орусиялык чабуулчу Александр Соболев бир гол киргизип, эсепти теңеди.

Экинчи таймдын 88-мүнөтүндө орусиялык жарым коргоочу Данил Уткин кыргыз курамасынын дарбазасына гол киргизип, эсеп 2:1 менен аяктады.

24-сентябрда Кыргызстан менен Орусия курамасынын тарыхтагы алгачкы жолдоштук беттеши болду.

Орусиянын курама командасы ФИФАнын рейтингинде 35-сапта, ал эми кыргыз футболчулары 95-сапта турат.

Орусиянын аскерлери Украинага толук масштабдуу кол салгандан кийин Орусияга каршы бир катар санкциялар салынган, алардын ичинде спорттук дагы санкциялар бар. Алсак, эки негизги футболдук уюм — ФИФА жана УЕФА — футбол клубу болобу же курамабы, айтор, Орусиянын бардык командаларын жаңы кабар алмайын уюмдун аты менен турнирлерге катышуудан четтеткен.

Мындан тышкары, Европанын бир нече курамасы дагы Орусиянын курамасы менен ойноодон баш тарткан.

Тема боюнча:

Тарыхта биринчи жолу. Футбол боюнча кыргыз курамасы Орусия менен достук беттешин өткөрөт