Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү» жөнүндө мыйзам долбоору келе жаткан жумада экинчи окууда карала турганын билдирди.
Парламентарий бул мыйзам долбоору коррупционерлердин кылмыштуу кирешелерин мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
Депутат белгилегендей, мыйзам долбоору кабыл алынса, «кылмышкерлер» төмөнкүлөрдөн түшкөн кирешесин мыйзамдаштыра алышат:
- уурулук, тоноо;
- опузалоо, алдамчылык;
- адам сатуу;
- камкордукту кыянаттык менен пайдалануу;
- унаа уурдоо;
- жашы жете электерди сойкулукка тартуу үчүн сойкуканаларды түзүү;
- жерди же имаратты басып алуу;
- коррупция;
- ишенип берилген мүлктү уурдоо жана башкалар.
Ошондой эле Бекешев бул мыйзам долбоору кабыл алынса, жарандар мындан ары аткаминерлердин киреше-чыгашасын биле алышпасын айтты.
Эл өкүлү бир нече берене боюнча гана мүлккө мунапыс берүүнү сунуштаганын кошумчалады. Бирок Башкы прокуратура жана Экономика министрлиги аны менен макул болгон эмес. Алар кылмыштын бардык түрү боюнча мүлктөрдү мунапыс берүү «туура» деп эсептешет.
Талаш-тартыш жараткан мыйзам долбоору
Жогорку Кеңештин депутаттары үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда «Жеке жактардын активдерин легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышкан. Анда мыйзам долбооруна 64 депутат макулдук берип, 8 депутат каршы добуш берген.
Бул мыйзам долбоору тууралуу ушул жылдын март айында белгилүү болгон — аны президенттик администрация иштеп чыккан.
Президенттик аппараттын жаңы мыйзам долбоору жарандарга бардык мыйзамсыз активдерин ыктыярдуу түрдө декларацияга киргизүүгө жол ачат. Мыйзам долбоорунда анонимдүүлүк жана кылмыш куугунтугунан бошотуу кепилденген.
Мыйзамдын долбооруна ылайык, кыргызстандыктар атайын декларация тапшыра алышат. Документте алардын мурда кандайдыр бир себептерден документке кирбей калган, ал тургай мыйзамсыз жана кылмыштуу жол менен келсе да бардык кирешелери жана мүлктөрү көрсөтүлөт.
Ошол эле кезде активдеринин келген булагын ачыктоого эч ким милдеттүү болбойт. Атайын даярдалган жаңы декларация алардын мыйзамдуу экенине тастыктоо болуп берет.
Мыйзам долбооруна ылайык, бул чаралардын максаты — ички, тышкы инвестияларды көбөйтүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу. Мындан тышкары, мыйзам активдердин бүтүндүгүн жана алардын ээлерин мүлктөрү ыктыярдуу түрдө декларацияга киргенге чейин келип чыгышы мүмкүн болгон мыйзам бузуулар үчүн жазык куугунтугунан коргоо кепилдиги камсыздалышы керек.
Мыйзам долбооруна анализ жасаган «Адилет» укуктук клиникасы медалдын экинчи бетин байкаган.
«Иш жүзүндө киргизилип жаткан сунуштар менен инсандыкка каршы бардык кылмыштардан, бардык кызматтык кылмыштардан, бандитизмден, адам сатуудан жана эмгекти мыйзамсыз эксплуатациялоодон пайда көрүү кубатталат», — деп эсептешкен юристтер.