Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 26-сентябрда кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюлган №42 протокол тууралуу айтып берди.
Ал тажик кесиптеши Саймумин Ятимов экөө кол койгон №42 протокол жаңжалды «болтурбай кармап турууга» багытталганын белгиледи.
«Чек араны аныктоо, анын кайсы тарапта кандай чечүү керектиги жөнүндө протоколго кол койгон жокпуз», — деп баса белгиледи Ташиев.
№42 протоколго ылайык, тараптар келечекте жаңжалдардын алдын алуу үчүн ар бири өз тарабынан бирден чек ара заставасын жана үч чек ара постун консервациялоону чечишкен. Кыргыз тараптан: «Тамдык» заставасы жана «Булак-Башы», «Катта-Туз» жана «Дача» посттору. Тажик тараптан: «Бедак» заставасы жана «Кех», «Каракчикум» жана «Шаршара» посттору.
«Биз жаңжалдын келип чыгуусун [себебин жокко чыгаргыбыз] келет. Биздин адистер текшерип чыгып, посттор жаңжалдын келип чыгуу себептери экенин айтышты. Ошондуктан мындан ары жаңжалдар болбошу үчүн биз бул постторду убактылуу алабыз, кайсы жерде кандай посттор коюларын [делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссия] чечет», — деди Ташиев аталган посттордун өздүк курамы чыгарылып кетип жатканын кошумчалап.
Ошол эле учурда Sputnik.kg жарыялаган протоколдун сүрөтүндө посттор убактылуу консервацияланары айтылган эмес.
«Кыргыз-тажик мамлекетик чек арасындагы делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганча тараптардын жарандарына жер тилкелерин (жашыл аймактарын) өздөштүрүү, коммуницакияларды демонтаждоо, куруу жана өткөрүүгө жол берүүгө болбойт», — деп айтылат документте.
Ташиев аталган посттордун консервацияланышы алардын жанында эч ким жашабагандыктан кандайдыр бир коркунучтарды жаратпашы керек деп билдирди.
«Биз тараптан “Тамдык”, “Катта-Туз” жана “Булак-Башынын” тегерегинде эл жашабайт. [...] Дагы бир жолу кайталап айтып коёюн, [протокол боюнча] кыргыз элибиздин бир дагы сантиметр жерин алдырбайбыз», — деп белгиледи УКМКнын башчысы.
Ал аталган посттордун жанына күнү-түнү иштеген видео көзөмөл камералары орнотуларын билдирди. Мындан тышкары, анын айтымында, протоколдун дагы пункту боюнча оор аскердик техникалар чек арадан алынат.
«Бул протоколдун негизинде чек арачылардын гана колдонгон техникалары калышы керек. Оор техникалар, танктар, пушкалар жана башкалар чек арага жакын жайгашпашы керек жана алыс турушу зарыл», — деди Ташиев. Ошондой эле УКМКнын башчысы кол коюлган протоколду сындагандарга кайрылды. Анын айтымында, документке кол койгонго чейин чек арага жакын Ак-Сай айылынын тургундары менен баарлашкан, алар андан бир эле маселени чечүүнү суранышкан — Тажикстандын «Бедак» чек ара заставасын алуу.
«Биз эл койгон талаптардын бардыгын аткардык. Анан билип-билбей алган маалымат таратып, Бишкекте же алыс жакта отуруп алып кайсы бир постторду чыгарып коюп, “мына барын ачып берип койду, кирип кетет экен ушинтип барын алдырып коёт экенбиз” деген жалган маалымат тараткандарга дагы кайрылып айтып коёюн. Буюрса Кыргызстандын бир дагы сантиметр жерин алдырбайбыз. Бизге, мамлекетибизге тынчтык керек. Бизге жаңжалдын, согуштун, атышуунун кереги жок. Биз ушул багытта жумушубузду жүргүздүк жана бул багытта ишибиз дагы уланат», — деди ал.
Ташиевдин айтымында, тараптар кол койгон протоколдун аткарылышына эки тараптын атайын комиссиясы көз салат. Ал Кыргызстан менен Тажикстан аталган документтин аткарылышына кызыктар деп белгиледи.Ошол эле кезде Ташиев чек арада мындан ары жаңжал чыкпасына эч ким кепилдик бере албасын белгиледи. Ал Кыргызстан протоколдун бардык пунктун аткарарын, аны тажик тараптан дагы талап кыларын кошумчалады.
«Мындан ары эч ким жаңжалдашкысы келбейт», — деп жыйынтыктады ал сөзүн.
«Бул агрессия»
УКМКнын башчысы 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылышууга байланыштуу позицияны дагы бир ирет кайталады. Анда 62 кыргызстандык набыт болгон. Анын айтымында, набыт болгондордун тизмеси маркумдар жерге берилгенден кийин ачыкка чыгарылат.
Ташиев чек арадагы жаңжалды «Кыргызстанга каршы алдын ала пландалган агрессия» деп белгиледи. Ал чек арага 15 жеринен чабуул болгонун билдирди. Бул, анын айтымында, «чабуулдун пландалганын далилдеп турат».
«Биз биздин чек арадан өтүп, биздин аймакты ээлеп алгысы келгендерден коргондук. Бирок андай кыла алышкан жок [...] Агрессор [бул жерде] ким болгонун айта турган эл аралык уюмдар менен юристтер бар», — деди ал.
Ташиев жаңжал Кыргызстандын аймагында болгонун, бир дагы кыргыз чек арачысы чек арадан өтпөгөнүн белгиледи.
«Биз [Тажикстандын] Чек ара кызматы же армиясы менен [согушкан жокпуз], башка эле бир чоочун адамдар менен [согуштук]. Алар ким экенин айта албайм, бирок согушкерлер десек болот. Алар биздин чек арачыларга аёосуз эле мамиле кылышты. Биз тараптан бул жаңжалда чек арачылар гана катышты», — деди ал.
Чек арадагы куралдуу кагылыш
14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болду. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.
Жаңжалда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган. Тажикстандын ТИМнин расмий маалыматында ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.
Чек арадагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстанга келтирилген материалдык залалдын өлчөмү болжолдуу түрдө 1,5 млрд сом деп бааланууда. Кыргызстандын ТИМи 18-сентябрда чек арадагы жаңжалды Тажикстандын Кыргызстанга каршы алдын ала пландалган куралдуу агрессиясы деп атаган.
Ал эми тажик тарап буга Кыргызстанды айыптаган.