Кыргызстан тажик ТИМин эки өлкөнүн «чоң күч-аракет менен сакталып жаткан тынчтыгын бузбоого» чакырды

Азырынча кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу болуп турат, а бирок эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелери өз ара кайым айтышууларын улантууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 22-сентябрда «Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин тараптардын ортосунда чоң күч-аракет менен сакталып жаткан тынчтыгын бузууга жасаган кезектеги аракеттерине каршы чечкиндүү нааразычылык» билдирерин маалымдады. Кыргыз ТИМи мындай билдирүүнү Тажикстандын ТИМи Кыргызстан тажик жарандарын жана этникалык тажикерди кысымга алып жатат деген билдирүүсүнөн кийиин жасады.

Тажик ТИМи эмне деген?

22-сентябрда Тажикстандын ТИМи «Кыргызстанда тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди кысымга алуу жана куугунтуктоо саясаты уланып жатат» деп айтылган билдирүүсүн жарыялаган. Анда Кыргызстанда кысымга алынды делген бир нече тажик жаранынын жана этникалык тажиктердин мисалы келтирилген.

«Тажик тарап Кыргызстанда тажик жарандары жана этникалык тажиктердин кысым жана куугунтукка алынышын кыргыз тарап тажиктерди душман кылып көрсөтүү үчүн жүргүзгөн чагымчыл маалыматтык кампаниянын түз натыйжасы деп эсептейт жана кыргыз бийлигинен Кыргызстандагы тажик жарандарын жана этникалык тажиктерге карата бөлүп-жаруучулук мамилени болтурбоо үчүн кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылат», — деп айтылат Тажикстандын ТИМи тараткан кайрылууда.

Кыргыз ИИМнин жообу

22-сентябрь кечке маал тажик ТИМнин билдирүүсүнө Кыргызстандын ИИМи жооп берди. Мекемеден тажик тарап айткан окуялар текшерилгенин жана «Тажик ТИМи тараткан улуттук белгилер боюнча кысымга алуу тууралуу маалыматтарын жалган» деп эсептешерин билдиришти.

Мисалы, Тажик ТИМнин билдирүүсүндө Кадамжай районунда этникалык тажиктердин соода-сатык дүкөндөрү жабылып, чек арага чектеш райондордогу Кыргызстандын жарандарын атайылап этникалык тажиктердин үйлөрүнө жайгаштырып жатышат деп айтылган. Кыргызстандын ИИМи бул маалымат текшерилип, маалыматтар тастыкталбаганын айтышты. Натыйжада, мекеменин маалыматына ылайык, эч ким тажиктердин дүкөнүн жапкан эмес жана этникалык тажиктер эвакуацияланган кыргыздарды үйүндө өз ыктыяры менен киргизишкен.

«Коомчулукта алар активдүү позицияны карманып тургандары үчүн аларды эч ким талкулоого укугу жок», — деп белгилешти ИИМден.

Министрлик тажик ТИМнин Кыргызстан Ош облусунда жогорку окуу жайларда билим алып жаткан 500 тажик студентин депортациялаганы деген билдирүүсүн дагы төгүнгө чыгарды.

«Кыргызстандын ИИМи Кыргызстандын аймагына келишкен Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди кысымга алуу, коркутуу, кемсинтүү жана аңдуу учурлары катталбаганын билдирет. Бул билдирүү жалган болуп саналат. Ошону менен бирге акыркы убактарда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жалган маалыматтарды атайылап таратуу менен алектенип жатканын баса белгилейбиз», — деп билдиришти ИИМден.

Кыргыз ТИМнин жообу

Кыргыз ТИМи да тажик кесиптештеринин билдирүүсүн чагым деп атады. Мекеме акыркы учурда тажик ТИМи «өзүнүн негизсиз айыптоолору менен бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун алдында өзүн өзү толугу менен дискредитациялады» деп эсептейт.

«Кыргызстанда “тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты” бар деген тажик тарабынын жалган маалыматы таптакыр орунсуз жана Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү чындыктан алыс экендигин жана аталган маселе боюнча Кыргызстандагы иштердин абалы жөнүндө эч кандай түшүнүгү жок экендигин көрсөтүп турат», — деп белгилешти мекемеден.

Кыргызстандын ТИМи Тажикстандын өзүндө этникалык кыргыздар кысымга алынып жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери себебин түшүндүрбөстөн эле алардан өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылышууда. ТИМ аларда тиешелүү кайрылуулар бар экенин кошумчалады.

«Эл аралык укук коргоочу уюмдар этникалык кыргыздардын жана Тажикстандагы башка улуттардын абалы жөнүндө иликтөө жүргүзүүсү ылайыктуу болмок. Алар Тажикстанда этникалык дискриминация жана адам укугун бузуу фактыларын жетишерлик аныктап чыгышмак», — деп эсептейт кыргыз ТИМи.

Мындан тышкары, мекеме тажик ТИМнин Кыргызстандын аймагынан учуп чыккан учкучсуз учуучу учактар 21-сентябрда Тажикстандын аба мейкиндигин дагы бир жолу бузду деген айыптоосуна да жооп берди.

Кыргызстандын ТИМи бул айыптоолорду «чындыкка дал келбейт» деп атады. Мекеме Тажикстандын өзүн Кыргызстандын аба мейкиндигин бузду деп айыптады. Кыргызстандын ТИМнин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 20-сентябрынан тартып 22-сентябрга чейинки аралыкта Баткен облусунун «Кызыл-Бел-автожол» чек ара өткөрүү пунктунун аймагында жана Ош облусунун Алай районундагы Найман-Ашуу ашуусунда Тажикстандын учкучсуз учагы бир нече жолу байкалган.

Эки мамлекеттин ортосундагы куралдуу кагылышуу

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болду. Жаңжалда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин 20-сентябрга карата маалыматына ылайык, бери эле дегенде 59 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атаган. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 км, анын болгону 600 километри макулдашылган.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.