Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Илияз Иманбетов дайындалды

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановдун отставкасын кабыл алды. Буга чейин Сулайманов өз калоосу менен кызматынан кетип жатканын билдирип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын сынга алган.

Жапаров дагы бир жарлыгы менен Сулаймановдун ордуна Ысык-Көл облусунун ыйгарым укукту өкүлү кылып Илияз Иманбетовду дайындады. Буга чейин ал финансы министринин биринчи орун басары болуп келген. Министрликтеги кызматка Иманбетов 2021-жылдын октябрында келген болчу.