Укук коргоочу Камил Рузиев ЖМК жана соцтүйүндөгү билдирүүсү үчүн милицияга чакыртылды

Укук коргоочу Камил Рузиев Түп райондук ИИБдин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы тууралуу маалыматты соцтүйүндө жана ЖМКда жарыялаганы үчүн милициянын маегине чакыртылды. Бул тууралуу ал Твиттердеги барагында билдирди.

Укук коргоочунун айтымында, Ысык-Көл ОИИБне 28-сентябрда барышы керек.

«Алар соцтүйдөрдөгү жана интернет порталдардагы жарыяланган укук коргоочулук ишмердүүлүк боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутушту. 28-сентябрга Түп райондук ИИБнин кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы тууралуу маалымат соцтүйүндөргө жана ЖМКга жарыялаганы үчүн милицияга маектешүүгө чакырышты», — деп жазды укук коргоочу.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык соту 12-августта укук коргоочу Камиль Рузиевди актаган. Ал медициналык маалымкатты жасалмалаган деп айыпталып жаткан болчу. Рузиев сот аны кылмыштын курамы жоктугунан актаганын айткан.

Тергөө укук коргоочу өзү иштеп жаткан иштердин бири боюнча Каракол шаардык сотунун чечимин даттануу мөөнөтүн узартыш үчүн документтерди жасалмалаган деген версиясын билдирип келген.

Рузиевдин иши

Камиль Рузиев — «Вентус» укук коргоочу уюмунун жетекчиси. 2015-жылы аны милиция кызматкерлери кыйнап, мындан ары Каракол ТИЗОсунун ишин текшербеси жана жабыркагандардын укугун коргобосу тууралуу тилкат жазып берүүсүн талап кылышкан. Укук коргоочуну кыйноого алуу боюнча иш кыскартылган.

Тергөөчү Нурбек Токушев укук коргоочунун өмүрүнө бир нече жолу коркунуч келтирген. Токушев Рузиевди курал менен коркутуп, башына табелдик тапанча такагандан кийин кызматынан алынган.

Токушев чет элдикти кыйнап, күнөөнү мойнуна алдырууга аракет кылганы үчүн дагы айыпталган — бул иш боюнча дагы жабырлануучунун кызыкчылыгын Рузиев коргогон.

Укук коргоочу УКМК жана прокуратурага арыз менен кайрылып, тергөөчүнүн коркутуулары менен кыйноолорун иликтөөнү талап кылган. Бирок укук коргоо органдары чара көрбөй койгон. Анда Рузиев УКМКнын кызматкерлеринин үстүнөн алардын аракетсиздигине даттанып доо арыз жазган.

Андан кийин эле Рузиев, 2020-жылдын 29-майында Каракол шаарында соттон чыгып келе жатканда кармалган. Аталган сотто Рузиевдин УКМКнын жана прокурорго карата доосу каралган болчу. Укук коргоочуну кармоонун үстүндө иштегендер Рузиев доо арыз жазган УКМКнын кызматкерлери менен түздөн-түз байланышта.

Ал эки суткага убактылуу кармоочу изоляторго киргизилген, ал эми УКМКдан ЖМКга укук коргоочу «Алдамчылыкка» жана дарыланганы тууралуу медициналык маалымкаттарды жасалмалоого шектелип жатканы айтылган пресс-релиз келген.

Укук коргоочу өзү деле дарыланганын жашырган эмес, мурдараак ага кол салуу болуп, ден-соолугу солгундай түшкөнүн айткан. Ал дарыланганы тууралуу маалыматтар амбулатордук картада бар экенин, ооруканада жатканы тууралуу маалыматкаттарды жасалмалабаганын билдирген.

Рузиевдин иши боюнча сот иши 2020-жылы 18-сентябрда башталган. Соттун башталышына жакын иштин материалынан «Алдамчылык» беренеси алып салынган.

2020-жылдын июнь айынын башында, укук коргоочу үй камагына чыгарылган соттон кийин УКМК мурда Рузиев кызыкчылыктарын коргогон үч кыргызстандыктын видеосун тараткан. Алар видеодо укук коргоочуну алдамчылыкта айыпташкан.

Видео чыгып кеткенден кийин андагы каармандардын бири укук коргоочуга карата эч кандай дооматы жоктугун айткан. Ал эми 2020-жылдын 28-июлунда Рузиевдин иши боюнча күбө катары өтүп жаткан адам Ысык-Көл облусунун ошол учурдагы башчысы Балбак Түлөбаевге арызданып кайрылган.

Ал УКМКнын кызматкерлери андан Рузиевге каршы «алдап» көрсөтмө алышканын билдирип, укук коргоочуга каршы кылмыш ишин токтотууну суранган.