Орусиядагы элчилик полициянын мигранттарга опузасын териштирет

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жол кайгуул кызматкери мигранттарга орой мамиле жасаган окуя боюнча териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу 28-сентябрда элчиликтен билдиришти.

«Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо жана анын катышуучулардын аты-жөнүн аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Бул окуяга Кыргызстандын жарандары катышкандыгы тастыкталса, элчилик алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт», — деп белгилешти элчиликтен.

Буга чейин соцтармактарда орус полициясынын мигранттарга орой мамиле жасап, адепсиз сөздөр менен тилдеп аларды аскер комиссариатына барышын талап кылган видео тараган. Анда видеодо кыргыз жарандары экени айтылган.

Полиция кишилерден «Орусияга эмне үчүн келдиң, уурдаганыбы» деп какшыктап сураган. Алардын бири иштегени келгенин айтканда «анда аскер комиссариатына бар» деп сүйлөгөн. Алар талашып-тартыша кеткен.

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аталган өлкөдөгү кыргызстандык мигранттар согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.

Согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалышы мүмкүн. Элчиликтен Орусиядагы кыргыз жарандарына согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе дароо элчиликке кайрылуу керектигин белгилешкен.

Орусиядагы «мобилизация»

21-сентябрда Орусиянын Мамдумасы кылмыш-жаза кодексине «мобилизация», «аскердик абал», «аскердик мезгил» түшүнүктөрүн киргизген. Ошол эле күнү Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын жарыялаган.

Орусиялык укук коргоочу Павел Чиков долбоорду изилдеп чыгып, орусиялыктардын аскердик жыйналууга катышуусу милдеттүү болорун, ал эми баш тартуу «кызмат ордун уруксатсыз таштап кетүүгө» теңелерин билдирген. Мындайда баш тарткандар «согуштук абалдын» шарттарында он жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Укук коргоочу куралдуу кагылышта башчынын буйругуна баш ийбей коюу согуштук аракеттерге катышуудан баш тартууга теңелип, эки жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал экенин кошумчалаган.

Мобилизация жана аскердик абал учурунда өз билемдик менен аскер бөлүгүн таштап кетүү үчүн жети жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ал эми өз ыктыяры менен туткунга түшүп берген орусиялыктар мамлекеттик чыккынчылык белгилери жок болсо, үч жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бул Орусиядагы кыргызстандыктарга кандай таасир этет?

Жыл сайын орус жарандыгын алган он миңдеген кыргызстандыктар үчүн бул Украина менен болгон согуштун окопторуна тез арада түшүү дегенди билдирет. Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алты айында эле 10,6 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, Орусиядагы айрым кыргызстандыктар азыртан эле аскерге чакырууларды ала баштады.

Юрист Бексултан Осмоновдун пикиринде эгер кыргызстандык орус жарандыгын алып, бирок кыргыз паспорту да бар болуп мобилизацияга катышкысы келбеген болсо, анда ал тезирээк Кыргызстанга кайтышы керек.

Анткени Орусияда аскерий аракеттерден качкандарга кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Мындай учурда Кыргызстан өз жарандарынын кызыкчылыгын коргошу керек жана Орусиянын укук коргоо органдарынын сурамы боюнча аларды бербеши керек. Мындай учурда кыргызстандыктар орус жарандыгынан ажыратылат.

Юрист Фатима Якупбаева орус жарандыгын алган кыргызстандыктарга оор тандоо жасоого туура келет деп эсептейт.

Ал Орусия Федерациясынын мыйзамдары боюнча орусиялык жаран жарандыгынан баш тартып же аны өзгөртө албасын билдирди. Бирок Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөр согуштук аракеттерге катышуудан качкандыгы үчүн жаза катары жарандыктан ажыратууну караштырышы мүмкүн дейт Якупбаева. Ошентип, кош жарандыгы бар адамга карата айыптоо өкүмү аны орус жарандыгынан ажыратуу үчүн формалдуу негиз болуп калышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын «Жарандык жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесине ылайык, кыргыз жараны чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууга же аскер аракеттерине катышса, анда бул жарандыкты жоготууга негиз болушу мүмкүн. Бул дагы тандоону татаалдаштырат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Юрист жооп берет: Мигранттар, кош жарандыгы барлар мобилизация тууралуу эмнелерди билиши керек?

Мобилизациялоо: Укук коргоочу Чупик мигранттарды Орусиядан чыгып кетүүгө чакырды