Баткендин Ак-Сай айылында талкаланган үй. Сүрөт: Kloop

ӨКМ 29-сентябрда Баткендеги куралдуу жаңжалда жабыркаган объекттер боюнча маалымат берди. Ага ылайык, кагылышууда жалпы 630 үй жабыркады. Анын 425и жашоого жараксыз абалга келгени белгилүү болду.

Жабыркаган 630 үйдүн аймактар боюнча тизмеси:

  • Баткен району — 440;
  • Лейлек району — 169;
  • Баткен шаары — 21.

Анын ичинен 425 үй жашоого жараксыз абалга келген:

  • Баткен району — 319;
  • Лейлек району — 105;
  • Баткен шаары — 1.

Ошондой эле анын арасында 205 үй оңдоого муктаж:

  • Баткен району — 121;
  • Лейлек району — 64;
  • Баткен шаары — 20.

Куралдуу кагылышуудан жалпы 11 административдик, стратегиялык объект жабыркаган. Алар:

  • Баткен району — 2 административдик, 4 стратегиялык объект;
  • Лейлек району — 2 административдик, 3 стратегиялык объект.

Мындан сырткары 28 социалдык объект жабыркаган:

  • Баткен районунда — 11 мектеп, 10 бала бакча, 3 ФАП;
  • Лейлек районунда — 1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП;
  • Баткен шаарында — 1 бала бакча.

Ошондой эле 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объект зыян тарткан:

  • Баткен району — 145;
  • Лейлек району — 51;
  • Баткен шаары — 1.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 61 унаа да жабыркаган:

  • Баткен району — 30;
  • Лейлек району — 30;
  • Баткен шаары — 1.

Баткен районундагы Ак-Сай айылында 1 унаа өтүүчү көпүрө жабыркаган — аны тажик тарап жардырып салганы белгилүү болгон.

Учурда ӨКМ жабыркаган турак үйлөрдүн аймагын тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Президент Садыр Жапаров Баткендеги үйлөрдү жаңы жылга чейин бүтүрүп берүүгө «аракет кылабыз» деп убадалаган.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир видео менен: Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыйраган Лейлектин айылдары