Бир кадр менен: Тажик аскерлери жардырган Ак-Суу дарыясындагы көпүрө

19-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Баткен облусунун Ак-Суу дарыясындагы тажик аскерлери тарабынан жардырылган 36 метрлик көпүрөнүн сүрөтүн жарыялады.

Көпүрөнү Тажикстандын аскерлери 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал курчуганда эле жардырып салышкан.

Транспорт министрлигинен Ак-Суу дарыясындагы көпүрө адамдарды эвакуациялоо жана гумжардамды ташуу үчүн колдонулуп келгенин айтышты. Бирок көпүрө жарактан чыккандан кийин алар Төрт-Көчө жолун пайдаланышкан.

Анда Транспорт министрлиги Кызыл-Бел — Достук жана Эски–Оочу – Максат унаа жолдорунун тилкелеринде оңдоо иштери жүрүп жатканын, бирок чек арадагы «күтүүсүз куралдуу жаңжалдан улам» токтотулганын билдирген.

Ведомстводон жаңжал болгон аймакта жол-курулуш техникалары калганын да кошумчалашты.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган куралдуу жаңжалдан каза тапкан кыргызстандыктардын саны учурда 59га жетти.

Ал эми жарадар болгондордун саны 19-сентябрга карата 163 кишини түздү.

Кыргыз бийлиги бул окуяны агрессия жана Тажикстан тараптан кол салуу деп атады. Ал эми тажик тарап өз кезегинде Кыргызстанды «жаңжалды эскалациялоого жана куралдуу агрессияга» айыптап жатат.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, Баткен облусунун кооптуу аймактарынан 136 миңден ашык адам, ал эми Ош облусунан 5 301 киши эвакуацияланды.

Кыргызстанда 19-сентябрь — улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.