Кыргызстандык Бекназ Алмазбеков дүйнөнүн эң мыкты жаш футболчулардын рейтингине кирди

Кыргызстандык Бекназ Алмазбеков 2005-жылы төрөлгөн дүйнөнүн эң мыкты жаш футболчуларынын рейтингине кирди. Рейтингди The Guardian басылмасы жарыялады.

«Алмазбеков айып соккусун болуп көрбөгөндөй аткарат, ал Стамбулдагы “Галатасарайдын” негизги курамына жакындап калды», — деп жазды басылма.

17 жаштагы Бекназ Алмазбеков — Кыргызстандын улуттук жана жаштар курамасынын оюнчусу. Азыр ал Түркиянын «Галатасарай» клубунда ойнойт.

Кыргызстандын футбол союзунан Алмазбеков 2020-жылдын мартында эле Азия футбол конфедерациясынын версиясы боюнча Борбор Азиянын эң мыкты жаш оюнчулардын алдыңкы жетилигине киргенин белгилешти.

Бекназ Алмазбеков 2022-жылдын 11-июлунда Азия Кубогунун тандап алуу турниринин матчында Кыргызстандын негизги футбол курамасынын катарында Мьянмага каршы беттеште алгачкы жолу оюнга чыккан.