ИИМ: Бейшеналиев тергөө учурунда 37,5 миң АКШ долларды кайтарып берди

Ички иштер министрлиги билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди. Министр ИИМ тарабынан «ири өлчөмдө пара алууга» шектелип кармалган болчу.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Бейшеналиев чет элдик студенттерди өлкөдөгү окуу жайларга киргизүүнү убадалап, токтом даярдоо үчүн 100 миң АКШ доллар пара талап кылган.

Милициянын маалыматында министр аталган сумманы 28-августта алганы айтылат.

«Андан соң “токтом толук кандуу болбой калыптыр” деп кайра кайрылганда, аны тездетиш үчүн “дагы 10 миң АКШ доллар керек” деп сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 28-сентябрда пара алуу учурунда кармалган», — дешти министрликтен.

ИИМден Бейшеналиев жалпы 110 миң АКШ доллар пара алганын белгилеп, тергөө учурунда анын 37,5 миңин кайтарып бергенин айтышты.

Аны менен катар, милиция министр «калган сумманы жакын арада кайтарып берүүнү убада кылды» деп кошумчалашты.

30-сентябрда Бейшеналиев Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Министрдин кармалышы

28-сентябрда ИИМ Алмазбек Бейшеналиевди чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алууда «өзгөчө ири өлчөмдө пара алган» деген шек менен кармаган.

Ал эми Жогорку Кеңештин айрым депутаттары билим берүү министринин кармалганына наарызы болушкан. Депутат Эмил Токтошев билим берүү министри пара алганынан күмөн санаарын билдирген.

Депутат Жанар Акаев Бейшеналиевдин кармалганы мугалимдерди капа кылганын белгилеген. Ошондой эле эл өкүлү минкабдан аткаминерлерди кармоодо шоу жасабоону суранган.

Акаев мындай камоолордун айынан өлкөдө эч ким мамлекеттик кызматка иштегиси келбей калганын айткан.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин жамааты бийлик башындагыларга кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин ишин калыс иликтеп берүнү өтүнүшкөн.

Алар кайрылууда «өлкөбүз мекенине ак кызмат өтөгөн, потенциалдуу кадрын колдон чыгарып жибере албайт» деп белгилешкен.

Тема боюнча:

Парламент депутаттары билим берүү министри кармалганына нааразы болушту