Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камалды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал ИИМ тарабынан «пара алууга» шектелип кармалган болчу.

30-сентябрда Биринчи май райондук соту министрдин баш коргоо чарасын карап, 28-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Сотко кел жатканда Бейшеналиев журналистердин суроосуна жооп берип, «күнөөсү жок экенин» айтты. Ал «жакында баары ачыкка чыгат, конверттеги акча билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилген» деп белгиледи.

Ал эми Бейшеналиевдин жүздөгөн тарапташы сот башталганга чейин имаратынын алдына чогулуп, министрди колдоп туршту.

Министрдин кармалышы

28-сентябрда ИИМ Алмазбек Бейшеналиевди чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алууда «өзгөчө ири өлчөмдө пара алган» деген шек менен кармаган. Сөз 110 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаты тууралуу экени айтылууда.

Ал эми Жогорку Кеңештин айрым депутаттары билим берүү министринин кармалганына наарызы болушкан. Депутат Эмил Токтошев билим берүү министри пара алганынан күмөн санаарын билдирген.

Депутат Жанар Акаев Бейшеналиевдин кармалганы мугалимдерди капа кылганын белгилеген. Ошондой эле эл өкүлү минкабдан аткаминерлерди кармоодо шоу жасабоону суранган.

Акаев мындай камоолордун айынан өлкөдө эч ким мамлекеттик кызматка иштегиси келбей калганын айткан.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин жамааты бийлик башындагыларга кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин ишин калыс иликтеп берүнү өтүнүшкөн.

Алар кайрылууда «өлкөбүз мекенине ак кызмат өтөгөн, потенциалдуу кадрын колдон чыгарып жибере албайт» деп белгилешкен.

Тема боюнча:

Парламент депутаттары билим берүү министри кармалганына нааразы болушту