Бир видео менен: Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышы

Ички иштер министрлиги билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев пара алып жаткан жерден тартылган видеону таратты. Кийинки кадрдан министрди кантип кармашканын көрүүгө болот.

Маалыматка ылайык, Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алууда «өзгөчө ири өлчөмдө пара алган» деп шектелүүдө. Сөз 110 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаты тууралуу экени айтылууда.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчысы Садыр Жапаровго министрдин кармалганы боюнча маалымат берилгенин билдирди.

«Бул иш боюнча ар тараптуу иликтөө камсыз кылынат», — деп жазды Султанбаев.

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү министри болуп 2022-жылдын февралында дайындалган.