Парламент депутаттары билим берүү министри кармалганына нааразы болушту

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалганына байланыштуу нааразычылыгын билдиришти.

Депутат Эмил Токтошев билим берүү министри пара алганынан күмөн санарын билдирди.

«ИИМ 110 миң доллар пара менен кармалды деп маалымат берди. Кайра унаасында 10 миң доллар бар экен, ошондуктан кармалды деп чыкты. Биз Алмаз Бейшеналиевди билимдүү, тартиптүү киши катары баалап ушул жерден шайладык эле. Элдей эле ал пара алып жатып кармалганына менин дагы күмөнүм бар. Реформа кылам деген киши мындай жолго барбашы керек эле. Ошондой болсо дагы ушул иш так дыкат тергелсин. Прокуратура көзөмөлүнө алсын», — деди депутат.

Ал эми депутат Жанар Акаев Бейшеналиевдин кармалганы мугалимдерди капа кылганын билдирди. Ошондой эле эл өкүлү минкабдан аткаминерлерди кармоодо шоу жасабоону суранды.

«Эгер кайсы бир министр пара талап кылып, акча алган болсо, ал жазасын алышы керек. Бирок ушундай музыкаларды коштоп, бизнесмендерди, министрлерди кармаган шоуңарды качан токтотосуңар? Билим берүү министри пара алган күнү дагы мамлекеттик саясат, мамлекеттик идеология болушу керек да. Бүгүн эртең менен министрдин колун кайрып кармап кеткен үчүн жүз миңдеген мугалимдин духу түштү. Пара талап кылып, акча алган күндө дагы чакырып, шоу кылбай, колун кайрыбай эле пара талап кылдың, ката кетирдиң жумушуңдан кет десе берет эле го», — деди Акаев.

Акаев мындай камоолордун айынан өлкөдө эч ким мамлекеттик кызматка иштегиси келбей калганын айтат.

«Туура, бизнесмендерди, башкасын кармап жатасыңар, бирок Кыргызстанда камалбаган министр, камалбаган акчалуулар калбайт окшойт. Кетет эгер ушинте берсек. Мамлекеттик кызматка ким барат? Эч ким барбайт. Мына отурган депутаттардан суралыга мамлекеттик кызматка барасыңбы деп. Эч ким барбайт. Жалаң сабатсыз, эч нерседен коркпогон, түрмөгө отура берем дегендер анда мамлекеттик кызматка иштесин. Бул трагедия», — деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

28-сентябрда укук коргоо органдары чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алууда «өзгөчө ири өлчөмдө пара алган» деген шек менен билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевди кармаган. Сөз 110 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаты тууралуу экени айтылууда.