Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан бошотулду

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Ал эми Таалайбек Ибраев энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

13-сентябрда Башкы прокуратура Бекмурзаевге эки кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон.

Анда 2021-2022-жылдары Бекмурзаев тийиштүү тармакта «компетенциясы жок кызматкерлерди» мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Өзбекстан жана Орусияга кызматтык иш сапарларга жөнөткөнү, натыйжада мамлекетке 1 млн сом зыян келгени айтылган.

Мындан тышкары Башкы прокуратурадан Бекмурзаев «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодо жалпысынан 15 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылган.

Бекмурзаев өзү «кылмыш иштери менин атымды каралоо үчүн козголгон» деп билдирген.

14-сентябрда ал тергөө мезгилине энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилген. Анын милдетин аткаруу анын орун басары Таалайбек Ибраевге убактылуу жүктөлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА:

Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

Доскул Бекмурзаев: Мага карата кылмыш иштери менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш