Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров 14-сентябрда тийиштүү жарлыкка кол койду.

Басма сөз кызмат Бекмурзаевдин милдетин аткаруу милдети министрдин орун басары Таалайбек Ибраевге жүктөгөнүн кошумчалашты.

Ал арада Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Эркин Тавашаров энергетика министринин орун басарлык кызматынан бошотулганын билдирди. Бул боюнча буйрукка өкмөт башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Башкы прокуратура Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш ишин козгогону тууралуу 13-сентябрда белгилүү болгон.

Анда көзөмөл органдын басма сөз кызматы «Клоопко» Бекмурзаев 2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта «компетенциясы жок кызматкерлерди» мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Өзбекстан жана Орусияга кызматтык иш сапарларга жөнөткөнүн, натыйжада мамлекетке 1 млн сом зыян тийгенин билдирген.

Мындан тышкары Башкы прокуратурадан Бекмурзаев «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодон өткөрүүдө жеке компанияга зыян келтирген деп шектелип жатканы айтылган. Келтирилген зыяндын суммасы 15 млн сомду түзгөн.

Бекмурзаев өзү кылмыш иштери «атын каралоо» үчүн козголгон деп эсептейт.