Доскул Бекмурзаев: Мага карата кылмыш иштери менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Фейсбуктагы барагында Башкы прокуратуранын ага карата козгогон кылмыш иштерине комментарий берди.

Бекмурзаев ага карата козголгон кылмыш иштерин Башкы прокуратура тарабынан жасалган «кыңыр иш» деп эсептейт. Министрдин айтымында, бул анын «атын каралоо» үчүн жасалган.

Ал мурда президент Садыр Жапаров ага «сапатсыз башкаруудан» карызга батып калган Кыргызстандын энергетика тармагын реформа жасоону тапшырганын белгиледи.

Бекмурзаев ал келгенге чейин өлкөнүн энергосектору ачык-айкын иштеген эмес деп белгиледи. Мындан тышкары, анын айтымында, ал жакта коррупция гүлдөп кеткен.

«Аталган секторду ирээтке келтирүүгө болгон аракетим жана андагы чоң өзгөрүүлөр көмүскөдө калып калбайт деп ишенем. Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура. Мен бул жолдун татаал болорун билгем жана ою жаман адамдарды басып өтөм деп ишенем. Бул тоскоолдуктар мени токтото албайт. Анткени, менин улуу максатым — өлкө менен кыргыз элинин бакубат жашоосу!» — деп жазды ал.

Бекмурзаев жеңилбесин, мындан ары да Кыргызстан үчүн ишин уланта берерин кошумчалады.

Бекмурзаевдин кылмыш иштери

Башкы прокуратура Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш ишин козгогону тууралуу 13-сентябрда белгилүү болгон.

Анда көзөмөл органдын басма сөз кызматы «Клоопко» Бекмурзаев 2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта «компетенциясы жок кызматкерлерди» мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Өзбекстан жана Орусияга кызматтык иш сапарларга жөнөткөнүн, натыйжада мамлекетке 1 млн сом зыян тийгенин билдирген.

Мындан тышкары, Башкы прокуратурадан Бекмурзаев «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодон өткөрүүдө жеке компанияга зыян келтирген деп шектелип жатканы айтылган. Келтирилген зыяндын суммасы 15 млн сомду түзгөн.