Башкы прокуратура: Энергетика министри Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду

Доскул Бекмурзаев

Башкы прокуратурадан энергетика министри Доскул Бекмурзаевге «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгонун билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бекмурзаев 2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта «адис эмес кызматкерлерди» Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия, Өзбекстан жана Орусияга кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекеттик бюджетке «олуттуу материалдык зыян» келтирген.

«Мындан тышкары, ал “Теплые ключи” ден соолукту чыңдоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо жалпысынан 15 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Натыйжада, [...] мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген», – деп айтылат маалыматта.

Ал эми Бекмурзаев өзү Kaktus Media басылмасына «кылмыш иштери тууралуу кабары жок экенин» айтып, «бул башкы прокурордун жеке каалоосу» деп билдирди.

«Бул башкы прокурордун жеке каалоолору. Мен сөзсүз түрдө маалымат жыйын берем. Кача турган оюм жок», – деди ал.

MediaHub басылмасынын иликтөөсү

Апрель айында MediaHub басылмасынын журналисттери «Энергетика: миллиондук уурулук, карызга баткан “өлүү жандар”» деп аталган журналисттик иликтөө жарыялашкан.

Иликтөөдө энергетиктер жетекчилери менен сүйлөшүп алып, коррупциялык схемалар аркылуу мамбюджеттен миллиондорду кантип чыгарып кетип жатканы тууралуу айтып беришкен.

Журналисттер энергетиктер карыздарды эки схема менен кечип жатканын аныкташкан. Алардын бири Гоголь жазгандай «өлүү жандар» деп аталат. Бул схема боюнча, электр энергиясы үчүн эсеп дүмүрчөк электр энергиясын колдонбогон, «жок абоненттерге» келет — эч ким жашабаган үйгө же так эмес дарекке жазылат.

Ушундай жол менен дүмүрчөктөгү карыз эсептен чыгарып алынат.

Журналисттер ири суммадагы эсеп дүмүрчөктөр жазылган абоненттерди таап, ондогон коррупциялык фактыларды аныкташкан.

2021-жылы «Ошэлектр», «Жалалабатэлектр», «Чыгышэлектр» жана «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомдору менен ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 2016-2020-жылдар аралыгында жалпы 897 млн 288 миң 500 сомдук электр энергиясына болгон карыздар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги белгилүү болгон.