Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков UWW’нын рейтингинин сап башына чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинигинин сап башына чыкты. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланат.

Алардын маалыматына ылайык, Шаршенбеков 60 кг салмакка чейинки рейтингде биринчи орунду ээлеген. Андан кийин орундарда Болгария, Азербайжан, Түркия жана Казакстандын спортчулары турат.

Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын сентябрында Сербияда өткөн спорттук күрөштө алтын медалды багынткан. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмак категориясында мелдешке чыккан. Турнирде Венгрия, АКШ жана Казакстандын спортчуларын жеңген.

Финалдык беттеште Шаршенбеков болгариялык Эдмонд Армен Назарянды 11:2 эсебинде жеңген.Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Ал — Азия чемпиону, Дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байгесинин ээси жана Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. Шаршенбеков Азия чемпионатынын дагы эки жолку күмүш байгесинин ээси.