Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлады

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы ордени менен сыйлады. Бул тууралуу орусиялык укуктук маалымат расмий порталына жарыяланды.

Тиешелүү жарлыкта Рахмон бул орденди Орусия менен Тажикстандын стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгын чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн сыйланганы жазылган.

Мындан тышкары, Кремль анын аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылууга кошкон салымын жогору баалаган.

Эмомали Рахмон Тажикстанды 1994-жылдан бери башкарып келет. 2003-жылы Тажикстандын Конституциясына президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн 5 жылдан 7 жылга чейин көбөйткөн өзгөртүүлөр кабыл алынган.

2016-жылы Тажикстандын Конституциялык соту Эмомали Рахмондун президентикке өмүр бою талапкерлигин коюусуна уруксат берген.

Владимир Путин кыргыз президенттерине дагы орден берген жайы бар. 2016-жылы Владимир Путиндин Бишкекке болгон иш сапарында ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаевди эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Александр Невский орденин менен сыйлаган.