Депутат Адахан Мадумаров «УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламентке эки жашик автомат алып келди» деп айтып сындады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында билдирди.
Мадумаров муну «чектен чыккан жапайычылык» деп атап, депутаттар ар бир кыймыл-аракеттин мыйзамдуулугуна баа бериши керектигин эскертти.
«Өлкөдө эле эмес, биздин Жогорку Кеңештин ичиндеги кырдаал жеңил эмес. Коопсуздук кызматынын жетекчиси (Камчыбек Ташиев - ред.) эки жашик автомат көтөрүп парламенттин ичине кирип келгени бул өтө чектен чыккан жапайычылык. Биз мыйзам чыгаруу органы катары ар бир кыймыл-аракеттин мыйзамдуулугуна сөзсүз түрдө баа беришибиз керек. Ага баа бере албасак анда Жогорку Кеңеш өз ишин аткара албады деп билишибиз керек», — деди Мадумаров.
УКМКнын басма сөз кызматы жана Камчыбек Ташиев өзү депутаттын айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек.
Ал эми «Азаттык» ишенимдүү булактарына таянып, окуя 22-сентябрда болгонун жазды. Ал күнү парламент кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал боюнча маселени жабык караган.
Анда «Ташиев чек арадан улам сын айткандарды Баткенге барууга чакырып, депутаттарга курал таратылганы, жыйында кайым айтышуу да орун алганы» айтылды.
«Спикер Талант Мамытов ошол жерден кызматын вице-спикер Жамиля Исаевага убактылуу өткөрүп берерин билдирген жана төрага баштаган бир топ депутат Баткенге жөнөп кеткен. Парламенттин басма сөз кызматы Мамытов кызматына ушул аптадан тарта кайра кайтканын билдирген», — деп жазды «Азаттык».
22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары камуфляж жана спорттук форма кийип автобус менен Баткен облусуна жөнөгөнү белгилүү болгон. Мындай чечим жабык жыйында кабыл алынганы айтылган.
Куралдуу жаңжал
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга» жана «аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түзөт.