Бир кадр менен: Жогорку Кеңештин айрым депутаттары камуфляж кийип Баткенге жөнөштү

Жогорку Кеңештин депутаттары камуфляж жана спорттук форма кийип автобус менен Баткен облусуна жөнөштү.

Депутаттар Баткен облусуна бара жатат. Сүрөт: Sputnik Кыргызстан.

Депутаттар Баткенге жабык жыйын учурунда барууну чечишкен. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал талкууланган.

Депуттар Акбөкөн Таштанбеков жана Тазабек Икрамов камуфляж кийип, жанына буюм мүшөгүн ала чыгышкан. Таштанбеков Баткенге баргысы келген гана депутаттар жолго чыкканын айтты журналисттерге. Ал жактан депутаттар жергиликтүү тургундарга жолугушушат.

«Эгер биз барбасак, силер эле “акмак депутаттар эмнеге барышкан жок” демексиңер. Сөзсүз эле согушуш керек эмес да. Мунун барын калыбына келтириш керек. Депутаттар согушат деген ойдон алысмын. Алар жерине барып, абал менен таанышышат. Көйгөйлөр бар. Чек арачылар өз милдеттерин 500% аткарышты», — деди таштанбеков.

Kaktus Media басылмасынын маалыматына ылайык, Ак үйдүн алдында эки автобус келип токтогон, бирок онго жетпеген депутатты салып бирөөсү гана жолго чыккан. Баткенге автобус менен Шайырбек Ташиев, Акбөкөн Таштанбеков, Жалолидин Нурбаев, Максатбек Сарбагышев, Нурланбек Азыгалиев, Айбек Маткеримов, Тазабек Икрамов, Нурбек Сыдыгалиев, Өмүрбек Бакиров жана Мирлан Самыйкожо жөнөп кетти.