«Адамча түшүндүрүп бердим». Садыр Жапаров Кемпир-Абадга байланыштуу кайрылуу жасады

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 6-октябрда өзүнүн Фейсбук баракчасында Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кайрылуу жасады. Анда ал нааразы болуп жаткан жергиликтүү тургундарды «бузукулук кылууга» айыптады.

«Кемпир-Абаддын тегерегине чыгып алып бузукулук кылып жаткандарга катуу эскертем, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла! Тартип сакчыларына буйрук берем, элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө. Эркелегендин дагы чеги болот. Чектен ашып кетишти», — деди президент.

Жапаров Өзгөндө өткөн жабык жыйын боюнча да түшүндүрмө берди. Ал «300дөй киши этап менен кабыл алынып, аларга кыргыз-өзбек чек арасын такташуу боюнча түшүндүрүлгөнүн» айтты.

«Эрте мененки саат 10:00дон баштап кечки саат 17:00гө чейин, 7 саат бою так документтер, илгерки келишимдер менен түшүндүрүп бердик. Эмне үчүн жабык эшик артында карап жатканыбызды дагы адамча түшүндүрүп бердик. Кудай буюрса, жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсы жерлер бизге өткөндүгү ачыкка чыгат. Жалпы эл чыдап күтө тургула», — деди Жапаров.

Ошондой эле президент талаш жерлер «99 пайыз биз тарапка өттү» деп жазды.

«Кемпир-Абадды буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, эми мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонушат», — деди ал.

Анткен менен Кемпир-Абад маселеси боюнча анын коңшу өлкөгө өтүшүнө каршыбыз деген тургундар нааразычылык акцияларын улантып жатышат. Жергиликтүүлөр 5-октябрда да нааразычылыгын билдирип, Кемпир-Абаддын жээгине боз үй тигишкен. Бирок 6-октябрга караган түнү аны милиционерлер бузуп кеткени белгилүү болду.

ОИИБден муну «коомдук тартипти камсыздоо аракети» деп билдиришти. Ошондой эле тургундар акция тууралуу аларга алдын-ала маалымдабаганын айтышууда.

Өзгөндөгү жабык жыйын

4-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигине Кемпир-Абад маселесине байланыштуу жергиликтүүлөр чогулган. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катышкан.

Бирок жыйын жабык өтүп буга көпчүлүк тургундар нааразы болгон.

Алгач жыйынга чогулган элдин дээрлик жарымынан көбү жана журналисттер киргизилген эмес — муну имараттын тардыгы менен түшүндүрүшүп, алар экинчи этап менен кабыл алынаарын айтышкан. Ошондой эле жыйынга катышкандардын имараттын киришинде телефондору алынган.

Кемпир-Абад боюнча жыйынга кирбей калган тургундар президент Садыр Жапаров жана аны менен чогуу келген бийлик өкүлдөрү «сыртка чыксын» деп талап кылышкан. Бирок алардын талабы аткарылган эмес. Андан кийин сыртта калган элди жыйынга чакырышкан, бирок айрым жергиликтүүлөр да имаратка кирүүдөн баш тартышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: Милиция Кемпир-Абад боюнча нааразы болгондор тиккен боз үйдү түн ичинде бузуп кетти

Бир кадр менен: Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча президент менен жолугууну күткөн тургундар

Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу эл чогулду, президенттин келиши күтүлүүдө

Өзгөн: Кемпир-Абад маселесине байланыштуу 100гө жакын адам митингге чыкты