Өзгөн: Милиция Кемпир-Абад боюнча нааразы болгондор тиккен боз үйдү түн ичинде бузуп кетти

Ош облусунун Өзгөн районунда 6-октябрга караган түнү Кемпир-Абад маселеси боюнча нааразычылыкка чыккан жергиликтүү тургундардын боз үйүн милиция бузуп кетти. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти.

Акциянын катышуучулары милициянын бул аракетин «бийликтин күч колдонуусу» деп аташты. Тургундар милиция айрымдарды «муштум менен койгулаганын» айтышты.

Тургундар 5-октябрдын кечинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине боз үй тигип, анын Өзбекстанга өтүшүнө каршы болуп акцияга чыгышкан.

Ош ОИИБден милиция боз үйдү бузуп кеткенин моюндашты. Милициядан өз аракетин «коомдук тартипти камсыздоо» деп аташты. Алар жергиликтүүлөр «акция тууралуу кабар бербегенин» айтышууда.

«Кемпир-Абадга тиешелүү маселе жакынкы арада Өзгөн шаарында болгон чогулушта ачык-айкын түшүндүрүлдү. Эми аталган документ Жогорку Кеңеште ратификация болуусу зарыл. Талкууланып, анан акыркы чечим кабыл алынат. Кандай гана мезгил болбосун, кандай гана чечим болбосун ал акыйкат чечим болот. Бирок өзүм билемдик кылып боз үй тигип же коомдук тартипти бузууга болбойт», — деп билдиришти облустук милициядан. 

Өзгөндөгү жабык жыйын

4-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигине Кемпир-Абад маселесине байланыштуу жергиликтүүлөр чогулган. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катышкан.

Бирок жыйын жабык өтүп буга көпчүлүк тургундар нааразы болгон. Алгач жыйынга чогулган элдин дээрлик жарымынан көбү жана журналисттер киргизилген эмес — муну имараттын тардыгы менен түшүндүрүшүп, алар экинчи этап менен кабыл алынаарын айтышкан. Ошондой эле жыйынга катышкандардын имараттын киришинде телефондору алынган.

Кемпир-Абад боюнча жыйынга кирбей калган тургундар президент Садыр Жапаров жана аны менен чогуу келген бийлик өкүлдөрү «сыртка чыксын» деп талап кылышкан. Бирок алардын талабы аткарылган эмес. Андан кийин сыртта калган элди жыйынга чакырышкан, бирок айрым жергиликтүүлөр да имаратка кирүүдөн баш тартышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча президент менен жолугууну күткөн тургундар

Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу эл чогулду, президенттин келиши күтүлүүдө

Өзгөн: Кемпир-Абад маселесине байланыштуу 100гө жакын адам митингге чыкты