Азия чемпиону болгон Дархан Эргешов жеңишин чек арада курман болгон аскерлерге арнады

Балбан Дархан Эргешов Бириккен Араб Эмираттарында жиу-житсу боюнча Азия чемпионатында алтын медаль багындырды. Ал бул жеңишин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон кыргызстандыктарга арнаганын билдирди.

Эргешов көк кур категориясында 77 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, жалпы беш беттеш өткөрдү.

Ал алгач кувейттик, анголалык, ооганстандык жана сальвадордук атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Финалдык турнирде ирактык Ахмед Аланини 2:0 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду.

«Бириккен Араб Эмиратында өткөн Азия чемпионатында алтын медаль алдым. Чынында бир жагынан сүйүнүп, бир жагынан кайгырып отурам. Ушул жеңишимди жакында эле болуп өткөн Баткен окуясында шейт кеткен аскерлерге арнайм», — деди ал.

Жиу-житсу боюнча Азия чемпионаты 2-октябрдан 3-октябрга чейин Бириккен Араб Эмиратында өттү. Ага 15ден ашык мамлекеттен 200гө жакын спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандан жалгыз Дархан Эргешов катталган. Мелдештер 30 жашка чейинкилер жана андан жогору жаштагы спортчулар арасында өттү.